Жалал-Абадда Astra Zeneca алган 4 аскердин дене табы түшпөй, аны колдонуу токтотулду

© Sputnik / Густаво Вальенте / Медиабанкка өтүүAstra Zeneca вакцинасы. Архив
Astra Zeneca вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан агенттигине иштин чоо-жайын териштиргенче аталган вакцинаны колдонуу убактылуу токтотулганын айтты.

БИШКЕК, 6-авг.— Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы аскер бөлүгүндө коронавируска каршы Astra Zeneca вакцинасын алган аскерлердин төртөөнөн вакцинанын кыйыр таасири катталып, аны колдонуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, аскерлер кечээ, 5-августта, эмделишкен.

"Жалпысынан Жалал-Абад облусуна Astra Zeneca вакцинасынын 4 000 дозасы бөлүштүрүлгөн. Аны менен Ала-Бука районундагы аскердик бөлүктөгү 90 киши эмделген. Бирок вакцина алгандардын ичинен төртөөнүн дене табы 39 градустан жогору болуп, башы ооруп, вакцинанын кыйыр таасири катталган. Ал эми 40тай аскердин дене табы 39 градуста кармалып турган.

Мындан улам вакцина сайдырган 44 аскер медиктердин көзөмөлүнө алынган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бардык бейтаптардын абалы туруктуу экени, аларды медиктер карап жатканы кошумчаланды. Жерине саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев жана жооптуу адистер чыгып кеткен.

Pfizer вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Кыргызстанга күзүндө Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө
Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан агенттигине иштин чоо-жайын териштиргенче аталган вакцинаны колдонуу убактылуу токтотулганын айтты.

"Башка вакциналарда деле дене тап көтөрүлүп, баш ооруган сыяктуу кыйыр таасир катталышы ыктымал. Бирок бул жерде вакцинанын таасири жабык имаратта, аскер бөлүктө бир нече адамдан байкалып жатат. Мындай учур сөзсүз каттоого алынып, эпидемиологиялык иликтөөгө жөнөтүлөт. Негизи аталган вакцинанын инструкцияларында дененин табы эмделгенден кийин 39 градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал деп жазылган. Бирок бул учур бир жерде бир нече адамдан катталып жаткандыктан иликтөө жүргүзүлмөкчү", — деди Ишанапысова.

Ал учурда министрликтин өкүлдөрү окуяны териштирүү үчүн Жалал-Абадга бара жатышканын айтып, иштин чоо-жайы билинген соң кошумча маалымат берилерин блгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0