Кучакташып ыйлашты… Айсулуунун аэропорттон ата-энеси менен жолуккан видео

© Sputnik / Эламан КарымшаковТокио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова аэропорттон ата-энеси менен жолугуп, жашып кетти
Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова аэропорттон ата-энеси менен жолугуп, жашып кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Эскерте кетсек, 62 килограмм салмакта күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медаль уткан.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова аэропорттон ата-энеси менен жолугуп, жашып кетти. Балбан кыз аэропортто ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жыйын куруп жатканына карабай ордунан туруп барып, ата-энеси менен учурашты.

Спортчу кыз ата-энеси менен кучакташып учурашты. Апасынын көзүнөн жаш чыгып жатканын көргөн балбан кыз да жашып кетти. Айсулуу "ыйлабаңыз, апа!" деп энесин кубаттады.

Эскерте кетсек, 62 килограмм салмакта күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медаль уткан.

Финалдык беттеште ал япониялык Юкако Каваиге 4:3 эсебинде жеңишти алдырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0