Өч алууну ойлоно берем. Жолдошу таштап кеткен аялдын каты

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTБаласын кучактап турган аял. Архив
Баласын кучактап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошу таштап кеткен аялдын каты келген.

Саламатсыздарбы, мен бир кыз, эки уулдун энесимин. Жашым 45ке чыгып калды. Кесибим боюнча бухгалтермин. Жолдошум экөөбүз студент кезде таанышып, жогорку окуу жайын аяктагандан кийин бир жерде чогуу иштеп калдык. Ошондон баштап ортодо сезимдер жанып, акыры чоң сүйүү менен 23 жашыбызда баш кошуп, эки жылга жетпей уулдуу болгонбуз. Ошентип мен бала багуу өргүүсүнө кетип, ошол бойдон жумушка кайтып барган жокмун. Ал арада үй салдык, үч балалуу болдук. Кыскасы, мен үй-бүлө түйшүгүн толук мойнума алдым. Кээде усталар менен бирге базар аралап, курулуш материалдарын алчумун. Бир колумда бала, экинчи колум менен үй жумушун жасап, күйөөм келгиче жанталашып тамагын даярдоо менен жаштыгым өттү. Түрдүү тамактарды жасоону үйрөндүм. Үйүбүз да бүттү, балдар да чоңойду. Эшиктин алдын гүлгө толтуруп, огороддогу бакчаны жаркыраттым. Балдарыма кошуп, жолдошумдун бут кийимине чейин кийгизип ишине узатам. Атабыздын иши жүрүшүп, экономист кызматын таштап, бизнесмен болуп кеткен. А менин оюмдун баары балдарым жана үй жумуштарында болду.

Регионы России. Крым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жашым өткөндө турмушка чыгам деп бала-чакага уят болдум. Аялдын каты
Бир жолу эле адатымча улуу балдарымды узатып, жолдошумдун бут кийимин кийгизип жатсам "сен мага жакпай калдың, мүмкүн өзүнчө жашайбыз" деп салса болобу. Ишенесиңерби, башымдан ылдый муздак суу куйгандай болдум. Ыйлаарымды же күлөрүмдү билбей эле нес болуп калыптырмын. Эч нерсе уккум келбей, шарт эле үйгө кирип кеттим. Бөлмөмө кирип алып түшүнүксүз абалда бир топко отурдум да, анан буркурап ыйладым. Акырын барып күзгүнү карап, 20 жылдан кийин өзүмдү көргөндөй болдум. "Мен ким элем, ким болдум?" деп өзүмө суроо бердим. Күзгүдө өзүн карабаган, бир аз карып кеткен аял турду. Алдымда бизнесмендин сүйүктүү аялы эмес, үй кызматчысы тургандай болду. Көрсө, мен өзүмдү такыр эле унутуп калыпмын. Жашоомду жолдошума, балдарыма гана арнап коюптурмун. Күйөөмдүн иши алдыга жылсын деп бардык түйшүктү мойнума алып, аны бир да чарба иштерине аралаштырган эмесмин. Карып кеткен жүзүмдү карап ыйладым, өзүмдү күнөөлөдүм. Жолдошума аял эмес "камкор апа" болуп алыптырмын. Албетте, ал жапжаш болуп турса мени чанат да.

Көрсө, күйөөмдүн "жаш сүйүктүүсү" пайда болгонуна бир жыл болуптур. Мен анын кеч келгенине деле маани бербей, баарын анын жумушунун оордугуна шылтап, кызганбай эле үстүнө үйрүлүп түшүп жүрүпмүн. Жолдошум көп өтпөй үйдөн чыгып кетти. Бир сүйүнгөнүм, бактылуу балдарды тарбияладык.

Мен азыр өзгөрүүнү каалап, өзүмдү мурункудай алып жүрүүгө жан үрөп жатам. Бирок жолдошумдан өч алгым келет. Болгондо да кызганып, кылганына өкүнүп, алдыма кечирим сурап келишин каалайм. Баркымды билсе деп эле жашап калдым. Анткени эмгегимди тепсеп туруп басып кетпедиби. Ушул көксөөм туурабы? Же жашоомдон такыр эле ал кишини чийип салсам жеңилдеймби?

Психолог Гүлнара Жасоолова:

Ар бир адам өзүнөн кеткен кемчиликти сезбей калышы мүмкүн. Бул айым үй-бүлөсү үчүн баарын гүлдөткөндүгүн айтып жатат. Ошентсе да күйөөсүнө аял катары тийиштүү көңүл бурбай калгандай. Башкача айтканда, аялдардай эле эркектер да жубайынан алсыздыкты, назданууну, ага эркелөөнү күтөт.

Сүйлөшүп жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Ажырашсаң балдарды таштайсың... Жигитинин апасы коркуткан кыздын каты
Психологияда мен жана сен деген концепциялар бар. Айрымдар өзүн акыркы орунга чыгарып, башкалардын кызыкчылыгын гана көздөп жашап калат. Сиз дагы "биздин атабыз алдыда болушу керек, мен үйдө эле отурайын" деп жолдошуңуздун жакшы жактарын ойлой берип, анын жүрүм-турумун, мүнөзүнүн өзгөргөнүн байкабай калган өңдүүсүз. Акыры жолдошуңуздан жогорудагыдай жаман сөз укканда, албетте, дендароо абалда болдуңуз. Анткени күткөн эмессиз.

Бирок сиз да жакшы жетишкендиктерге жетиштиңиз. Мыкты үй-жай курдуңуздар, жакшы балдарды тарбияладыңыздар. Сизди түшүнүп турам, жолдошуңузду сагынып, бир чети ыза болуп турасыз. Бирок бул өч алууга негиз эмес. Ага атаандашып, өч алууну ойлобоңуз. Ал адамды жашооңуздан такыр чийип сала албайсыз. Себеби балдарыңыздын атасы. Өч алууну гана ойлоно берсеңиз, ден соолугуңузга да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Жөн гана сырткы келбетиңизге кам көрүп, көңүлдүн жарааттарын айыктырыңыз. Башкача айтканда, жан дүйнөңүздү калыбына келтирүүнүн үстүнөн иштегениңиз туура. Бул үчүн психологго жеке кайрылсаңыз болот. Анткени жолдошуңуз кайра кечирим сурап келсе же башка турмуш курсаңыз "бул да мени таштап кетпейби" деген жүрөкзаада ойлордон арылуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0