Врач-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев

Көздүн көрүүсүн лазер менен коррекциялоо боюнда барларга болбойт. Дарыгердин маеги

451
(жаңыланган 15:58 16.08.2021)
1980-жылдары алгач ирет көрүүнү жакшыртуу үчүн көзгө лазер менен операция жасалган. Ошол жылдардан бери бул ыкма миллиондогон адамдарды бактылуу кыла алды. Буга карабастан көздү лазердик коррекциялоодон чочулагандар да көп.

Ошол себептен көздүн көрүүсүн лазердик коррекциялоодон кийин 100 пайыз көрүүнү күтсө болобу, бул операцияны кимдерге жасатууга болбойт жана анын себептери тууралуу врач-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берди.

— Көрүү эмнеден улам начарлайт? Ала турган болсок, Корея, Япония жаштары смартфонго жакын болгону үчүн дээрлик көбү көз айнек тагынат. Бизде бул жаатта абал кандай? Эмне үчүн биздин жаштардын, андан улуу курактагы адамдардын арасында да көздүн көрүүсү начарлап жатканы көп байкалууда?

— Жаштар арасында көрүүнүн начарлашы Түштүк-Чыгыш Азияда акыркы жылдары күч алды. Мектеп окуучуларын ала турган болсок, бир класста 20 бала отурса, анын 18и көз айнек же линза колдонгон учурлар болуп жатат. Мунун себебин азыркыга чейин медицина так айта албайт. Ошентсе да санариптешүүнүн таасири менен окууда ар кандай жабдууларды колдонуу көздүн функциясын бузууда. Буга генетиканын да таасири бар. Эгер ата-эненин көрүүсү начар болсо, анын баласында да ушундай маселе болушу мүмкүн. Азыркы мезгилдин көйгөйү — баланын кадимки эле Күндө, сыртта аз жүрүүсү. Купкуу болуп, күн көрбөгөн балдар көп. Күндүн нурун жетиштүү албаган организмде серотонин гормону аз бөлүнүп чыгат да, бул көрүүнү начарлатат деген далил бар. Ошондуктан азыр Кытайдын мектептеринде күнүнө 45 минуттук бир сабагы сыртта өтөт. Анда 7-12 жаштагы окуучулар бактын көлөкөсүндө отуруп, күндөн энергия алып окушат.

Врач-офтальмолог Омурбек Жолдошев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өмүрбек Жолдошев:күндүн нурун жетиштүү албаган организмде серотонин гормону аз бөлүнүп чыгат да, бул көрүүнү начарлатат деген далил бар

— Негизи көрүү начарлай берсе операция жолу менен да токтотууга болобу?

— Көздүн көрүүсүнүн начарлоосун кайсы бир медициналык ыкма менен толук токтотуп калуу мүмкүн эмес. Бул жаатта көзгө көнүгүү жасатып, ар кандай витаминдерди ичирип же болбосо түрдүү кеңештерди бергендер да бар. Бирок мунун майнаптуулугуна так далил жок. Ал эми жаш балдарда атропин дарысын көзгө тамызуу, ортокаретологиялык линза тагынуу же ар кандай линзалар токтотот деген божомолдор бар. Операция жасаган күндө деле жаш балдарда организмдин өсүүсү менен көрүүнүн начарлоосу улана берет. Анткени организм 17-18 жашка чейин өсүүсүн улантат. Бул учурда жаш балдардын көрүүсү начарлап, кайра калыбына келип, өзгөрүп турушу мүмкүн. Лазердик коррекциянын өспүрүмдөр толук жетилгенде гана жасалуусунун себеби да ушунда.

— Лазердик коррекция кандайча жасалат жана Кыргызстанга качан келген?

— Мен билгенден көздү лазердик коррекциялоо Кыргызстанга өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында келген. Ал убакта эски ыкмалар менен гана жасалчу. Азыр бизде да жаңы ыкмаларды колдонуп башташты. Лазердик коррецияны жасоонун үч жолу бар. Биринчиси - 80-жылдардын аягында эле пайда болгон фоторефрактивдүү кератэктомия ыкмасы. Бул метод ушуга чейин колдонулуп келет. Бирок майнаптуулугу мындан да жогору жана коопсуз ыкмалар иштелип чыккандыктан азыр мындай жол менен жасалбайт. Андан кийинкиси ФЕМТО ЛАЗИК жана акыркысы RELEX SMILE методикасы болуп саналат. Бирок RELEX SMILE менен операция жасоого азырынча Кыргызстанда лицензия жок. Эч ким жасай элек.

Көздүн айнегиндеги линза сырттан келген нурду сындырып, көздүн тор челинин төрт жерине багыттап берет. Көрүү минуска түшкөндө ошол нурлар тор челде топтолбой калгандыктан адам баарын булаңгыр, тумандап көрүп калат. Биз операция жасоо менен ошол сырттан келген нурларды көздүн тор челине топтоло тургандай абалга келтиребиз. Ошондо адам кадимкидей көз айнексиз жарыкты тунук көрүп калат. Бул операция көп болсо 10 мүнөткө созулат. Операцияга тамак ичпей келүү же башка даярдыктарды көрүү өңдүү талаптар коюлбайт. Көздүн көрүүсү беш-алты сааттан кийин нормалдашып же эртеси күнү эле адам кадимкидей жашоо образына өтө берет. Ушунчалык жөнөкөй операция жана бул медицинадагы жаңы технологиялардын жетишкендиги менен түшүндүрүлөт. Кээде муну процедура деп деле атап коёбуз.

Врач-офтальмолог Омурбек Жолдошев во время работы в клинике
© Фото / Руслан Туманбеков
Өмүрбек Жолдошев: көздү лазердик коррекциялоо Кыргызстанга өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында келген

— Айрымдар операция учурунда көзүмдү жумуп алсам же кыймылдап кетсем эмне болот деп абдан кооптонот экен. Ушул жагын да айта кетсеңиз?

— Чынында бул методиканын алдында аябай эле көп мифтер айтылат. "Көрбөй калат, бир эле жылга чейин жакшы болуп турат экен" деген түрдүү кептерди угасың. Негизи айтылган сөздөрдүн баары эле туура эмес. Себеби коррекциялоонун биздин коомчулукка жакшы тарабагандыгынан улам болууда. Батышта бул кадимки эле көрүнүш. Албетте, операция катары мунун да кооптуу жерлери бар. Бирок алар аябай эле чанда кездешип, көздүн түзүлүшүнө, организмге жараша болот. Ошондуктан жөнөкөй эле офтальмологго эмес, лазердик коррекциялоо операциясын жасап жүргөн, тажрыйбасы мол адиске баруу керек. Алгач текшерүүдөн өтүп, адистин кеңеши менен гана бир чечимге келесиздер. Операциянын кош бойлуулукка жана төрөткө терс таасири жок болгону менен боюнда бар аялдардын жасатуусуна тыюу салынган. Ошондой эле көздүн глаукома өңдүү ар кандай илдеттери менен ооругандарга же кант диабетине окшош өнөкөт дарттар менен жабыркап жүргөндөргө да болбойт.

— Операциядан кийинки реабилитация, бейтаптын өзүн алып жүрүүсү тууралуу маалымат берсеңиз?

— Операциядан соң көз аябай эле бат айыгып, тез ордуна келет. Клиникада же бейтапканада калуунун эч кажети жок. Алгач механикалык соккудан алыс болуу керек. Мисалы, күрөш, футбол өңдүү спорттун түрлөрү менен машыкпай туруу сунушталат. Мончо менен бассейнди эки жумага чектейбиз. Бирок эртеси эле автоунаа айдап же жумушка барып, кадимкидей эле жүрө бересиз. Ошентсе да биздин климатты эске алып, күндүн нурунан сактануу үчүн кара көз айнек тагынууга туура келет. Бир жасалган операциядан кийин экинчи операция талап кылынбайт. Көбүнчөсүндө көздү коррекциялагандан кийин көз айнекти чечип, көздүн көрүүсү жакшырат.

— Операциянын баасы канча?

— Бул операция кээ бири үчүн абдан кымбат болушу мүмкүн. Анткени жабдуулардын баары чет мамлекеттен алып келинет. Мындай операция бир да мамлекеттик ооруканада жасалбайт. Баары жеке менчик клиникаларда гана кылынат. Операцияга кеткен ар бир материал Европадан ташылат. Батышта ушундай эле операциялар, биздикиндей эле деңгээлдеги адистердин колу менен 5-10 эсе жогору баада жасалат.

Врач-офтальмолог Омурбек Жолдошев на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өмүрбек Жолдошев: коронавирустун көзгө тийгизген таасири конъюнктивит деген оору аркылуу билинет

— Эми жалпы көз ооруларына бир аз токтолсоңуз. Негизи Кыргызстанда кескин көбөйүп кеткен оорулар кайсылар?

— Көз ооруларынын ичинен эң көп кездешкени катаракта же көз чечекейинин тунарышы. Бул оору тубаса жана кийин пайда болушу мүмкүн. 65-70 жаштагы кишилердин көбү эле бул илдетке кабылат. Андан тышкары, биздин өлкөдө глаукома — көздүн ички басымынын жогорулашы жана көрүүнүн начарлашы менен мүнөздөлгөн оорудан жабыркаган адамдар өтө эле көп. Ошону менен бирге макулодистрофия — көз торчосу бузулуп, борбордук көрүүнүн начарлашы менен жабыркап келишет. Ал эми көрүүсү начарлап бараткан адамга дарыгер көз айнек тагын десе, сөзсүз аны аткарышы керек. Ал эч качан көрүүнү начарлатпайт. Мен бейтаптарыма дайыма көз айнекти угуу аппаратына салыштырып айтып келем. Ал жөн гана көрүүнү жакшыртуучу аспап. Көрүү начарлаганда көз айнек тагынбаса, көздүн булчуңдары чыңалып, мына ошондо көрүү бузулушу мүмкүн. Азыркы заманда көпчүлүк компьютер менен иштеп, гаджет, телефон тиктеп калышты. Андыктан саат сайын 10 мүнөткө ордунан туруп, алысты карап көздү эс алдырып турган оң. Ошол эле маалда көздүн көнүгүүлөрүн жасап туруу абдан пайдалуу. Бирок көз булчуңдарынын гимнастикасын жасоо менен көрүүнү жакшыртууга болбойт.

— Коронавирус илдети көз аркылуу да жугарын айтып келебиз. Көзгө ал кандай таасир берет?

— Бул илдет адамдан адамга, бир көздөн экинчи көзгө жугушу мүмкүн. Коронавирустун көзгө тийгизген таасири конъюнктивит деген оору аркылуу билинет. Конъюнктивит – көздүн сыртындагы жука чел көздүн кургашынан же кандайдыр бир соккудан сактап турат. Адамга COVID-19 жукканда сезгенип, кызарып, кычышып, көздөн ириң сыяктуу суюктук дагы агышы мүмкүн. Бирок бул адамдын көрүүсүнө же көздөгү эң маанилүү органдарга терс таасирин тийгизбейт. Ошол эле учурда коронавирус көз аркылуу жугат деген ыктымалдуулук бар. Мындан улам дарыгерлер иштеп жатканда бет кап же коргоочу көз айнектерди колдонушат. Божомол боюнча, жөтөлгөндө же сүйлөгөндө ооздон чыккан шилекей чачырап, вирустар көздүн сыртындагы жука чел кабыкка жабышып организмге кирип кетиши мүмкүн. Конъюнктивит коронавирустун эле эмес, башка да көптөгөн оорулардын симптому болушу ыктымал.

451
Белгилер:
Өмүрбек Жолдошев, көз, оору, офтальмология, лазер, коррекция, операция
Тема боюнча
Төбө чачы түшө баштаган жаштар көбөйдү. Трихолог Айсаракунованын маеги
Невроз, энурез, аутизмге жардам берет. Биоакустикалык коррекциянын күнгөй-тескейи
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева

Жомокчу Бегайым Жайчиева: аял турмушта башкача жашап өтүшү керек экен...