Өткөн суткада 483 адамдан коронавирус табылды. Соңку статистика

© AFP / LILLIAN SUWANRUMPHAМедициналык кызматкерлер ооруканада
Медициналык кызматкерлер ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Өлкөдө оору жуктургандарга салыштырмалуу айыккандар көп катталууда. Бирок өлүм учурлары азая элек. Оору дагы сегиз кишинин өмүрүн алган.

БИШКЕК, 9-авг.— Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө 483 кишиден коронавирус табылып, 1 360 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 281;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 31;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 19;
  • Ысык-Көл облусу – 71;
  • Жалал-Абад облусу – 57;
  • Баткен облусу – 9.

Бала COVID-19га тест тапшыруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Инфекционист балдар арасында коронавирусту жайылтпоонун жолун айтты
Жалпысынан пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 169 500 адамдан COVID-19 аныкталды. Анын ичинен 158 285 бейтап дартты жеңди.

Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус сегиз кишинин өмүрүн алган. Муну менен аталган илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2 407ге жетти.

Азыркы тапта стационарда 2 850, ал эми амбулатордук шартта 4 564 адам дарыланып жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0