Коронавирустан айыккандар кандай илдеттерге чалдыгууда? Неврологдун жообу

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн неврологу Дариха Бакаева
Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн неврологу Дариха Бакаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, бейтаптар коронавирусту жеңсе деле узак убакытка чейин чарчап, уктай албай, алы кетип, коркуп, көңүлү чөгүп, эс тутуму начарлаганы байкалууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн неврологу Дариха Бакаева коронавирустан айыккандарда кандай илдеттер көп кездешип жатканын айтты.

Анын маалыматы боюнча, COVID-19дан кийин көпчүлүгү башка дарттарга да кабылууда.

"Бүгүнкү күндө инсультка чалдыккандардын саны көбөйүп, бул оорунун жашарып баратканы байкалып жатат. Муну неврологдор COVID-19 оорусунун кесепети менен байланыштырышууда. Себеби коронавирус менен ооруганда майда кан тамырларда кан бүртүкчөлөрү пайда болуп, алардын сезгенүүсүнө алып келет", — деди Бакаева.

Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-тажрыйбалык борбордун жетекчиси, медицина илиминин доктору Зуридин Нурматов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Коронавирустан кутулуунун эки гана жолу бар. Вирусолог Нурматовдун маеги
Дарыгер коронавирустан айыккандарда көп учурда мээге кан куюлуу, ишемиялык инсульт, Гийена-Барре синдрому катталып жатканын кошумчалаган. Ошондой эле бейтаптар дартты жеңсе деле узак убакытка чейин чарчап, уктай албай, алы кетип, коркуп, көңүлү чөгүп, эс тутуму начарлаганы байкалып жатканы айтылды.

Буга чейин Роспотребнадзор эпидемиологу Антонина Плоскиреванын ушул сыяктуу пикири жарыяланган. Анда адис коронавирус инфекциясы өпкөдө кесепети оор илдеттерди пайда кылып, инфаркт жана инсультка алып келиши мүмкүн экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0