Дарыгер диетасы жок эле арыктоонун жөнөкөй жолун айтты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүБасып бараткан адамдар. Архив
Басып бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Диетолог күнүгө саатына 4-5 чакырым басса боло турганын белгилеген. Бирок спорт менен өмүрү алектенбеген адамдар эки же үч чакырымдан баштаганы оң.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ашыкча салмактан арылуунун эң натыйжалуу жолу — жөө басуу. Бул тууралуу диетолог Зухра Павлова өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.

Дарыгердин айтымында, баскандан жакшылап натыйжа алыш үчүн бут кийим ыңгайлуу болуп, суу балансын сактоо зарыл.

"Басканда спорт менен талыкпай машыккандай жүрөккө көп күч келбейт. Тескерисинче, жөө басуу оорудан кийин калыпка келүүгө абдан пайдалуу. Басканда денедеги булчуңдун 90 пайызы иштейт. Жөн баспай колу-бутту иштетүү керек" — деген диетолог.

Витаминдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Адам сынынан кетпеши үчүн витамин ичүүнүн зарылдыгы барбы
Варикоз оорусунан жабыркагандарга медик атайын байпак кийип алууну сунуштаган. Айтымында, мындай байпак бутту шишитпейт.

Диетолог күнүнө саатына 4-5 чакырым басса боло турганын белгилеген. Бирок спорт менен өмүрү алектенбеген адамдар эки же үч чакырымдан баштаганы оң. Орточо эсеп менен алганда күнүнө 10 чакырым басса жетиштүү боло турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0