COVID 471 кишиден чыгып, алты адам каза тапты. 10-августка карата маалымат

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Пандемиядан бери вирусту 170 миңге чукул кыргызстандык жуктурду. Ушул тапта стационарда 2 609, амбулатордук түрдө 4 481 адам дарыланып жатат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 471 кишиден чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар өлкөнүн бардык облусунда бар:

  • Бишкек — 212;
  • Ош шаары — 7;
  • Чүй облусу — 110;
  • Ош облусу — 5;
  • Талас облусу — 14;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 38;
  • Жалал-Абад облусу — 60;
  • Баткен облусу — 21.

Пандемиядан бери вирус 169 971 кишиде тастыкталды.

Ал эми бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 995 адам болсо, жалпы сакайгандар 159 280ге жетти.

Тилекке каршы, алты киши каза тапты. Коронавирус ушуну менен 2 413 адамдын өмүрүн алды.

Ушул тапта стационарда 2 609, амбулатордук түрдө 4 481 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0