Психолог: баланы басынткан дагы, мактаган дагы туура эмес

© Photo / Pexels / Juan Pablo Serrano ArenasКиши баланын колун кармап турат. Иллюстративдик сүрөт
Киши баланын колун кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, баласынан жакшы адам чыгышын каалаган адам ар дайым аны менен тилектеш болушу керек. Кемсинтип же аша чаап мактоо кишини туура эмес жолго багыттайт.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бала өзүнө өзү туура баа берип, гармонияда чоңоюшу үчүн ата-энеси ага ар дайым тилектеш болушу керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып психолог Александр Колмановский билдирди.

"Тилектештик — бул бала сабактан "2" алса, "жаман болуптур, бирок муну оңдоого аракет кыл, антпесе болбойт", "5" алса, "азаматсың, мен сага ишенем, ушунуңдан жазба" деген маанидеги сөздөрдү айтуу", — деп түшүндүрдү адис.

Ошол эле учурда ал балага эч качан "жамансың" же "баарынан кыйынсың" деп так кесе баа бербеш керектигин эскертет.

Баласынын колунан кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Баланы жоопкерчиликке кантип үйрөтсө болот? Адистин кеңеши
"Туура эмес иш кылса, "сен акмаксың, колуңдан эч нерсе келбейт" деп урушкан ата-энелер жок эмес. Өзүнүн кандай адам экенин али түшүнө элек бала муну түз кабыл алат. Өмүр бою мен алсызмын деп ойлойт. Чечкинсиз, коркок, өзүнө ишенбеген адамдар дал ушундай балдардан чыгат", — деди психолог.

Ошондой эле ал балага ар дайым "сен кыйынсың, укмушсуң" дей берген ата-эне дагы чоң жаңылыштык кетирерин айтты. Мындай учурда киши реалдуулуктан алыстап, өз мүмкүнчүлүктөрүн оголе жогору баалап, утулуп же бир нерсеге жетпей калган учурда өтө тез сынып калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0