Өткөн суткада коронавирустан 7 адам көз жумду. Ооруканада 2 455 киши жатат

© AP Photo / Darko VojinovicМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Вирус илештиргендердин саны азайып калганы байкалууда. Бирок ооруканада жана амбулатордук шартта дарыланып жаткандардын саны суюла элек.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде 382 адамдан коронавирус табылып, 771 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 218;
  • Ош шаары – 5;
  • Чүй облусу – 52;
  • Ош облусу – 17;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 39;
  • Жалал-Абад облусу – 11;
  • Баткен облусу – 25.

Ушуну менен Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 170 353кө жетти. Анын ичинен 160 051и дартты жеңген.

Тилекке каршы, өткөн суткада оору жети адамдын өмүрүн алган. Жалпысынан 2 420 киши вирустун курмандыгы болду. Азыркы учурда стационарда 2 455, ал эми амбулатордук шартта 4 031 адам коронавирустан дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0