Өлкөдө демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгууда. Максаты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги Ала-Тоо аянтында балдары менен аял. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында балдары менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Эксперттердин пикиринде, Кыргызстан Борбор Азия боюнча демографиялык саясат иштелип чыга турган алгачкы өлкө болуп калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгууда. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган концепциянын долбоорун аягына чыгаруу боюнча тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жумушчу жолугушуу өткөрүлгөн. Ал президенттик администрация тарабынан БУУнун калк фондунун (ЮНФПА) жана Россия өкмөтүнүн техникалык колдоосу менен уюштурулганы айтылды.

Администрациянын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Аскат Беков демография экономика, билим берүү, саламаттык сактоо (репродуктивдүү ден соолук, үй-бүлөнү пландоо), жаштар, миграция, гендердик теңчилик жана башка көптөгөн тармактар менен байланыштуу экендигин баса белгиледи.

"Концепциянын максаты — биринчи кезекте Кыргызстандын калкынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө негизделген стратегиялык документтерди даярдоо процессин системалуу деңгээлде баштоо. Бул документ өнүгүүнүн ар кандай багыттары боюнча саясий чараларды аныктап, негизгиси болуп калктын саны, адамдын өнүгүшү жана бардык муундарга алардын татыктуу жашоосун камсыз кыла турган ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камтыйт", — деп айтылат маалыматта.

БУУнун калк фондунун кеңсе башчысы Азамат Баялинов аталган тематикалык талкуу мамлекеттик органдардын пикирлерин алып, аларды анализдеп жана стратегиялык мааниге ээ болгон документти иштеп чыгуу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк болгонун кошумчалады.

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде Асман экологиялык таза шаар долбоорун ишке ашыруу талкууланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Ысык-Көлгө "Асман" шаарын куруу: жумушчу топ Тору-Айгырда кеңешме өткөрдү
Жолугушууга келген бир катар эл аралык эксперттердин пикиринде Кыргызстан Борбор Азия боюнча демографиялык саясат иштелип чыга турган алгачкы өлкө болуп калышы мүмкүн.

Эксперттердин, илимий, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен дагы кошумча консультациялар өткөрүлмөкчү. Ошондой эле демографиялык процесстерди талдоо жана болжолдоо борборун түзүү маселеси да каралып жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0