Кыргызстанда эмдөө сертификаты таанылган мамлекеттердин тизмеси

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер эмдөө сертификаттарын толтупруп жатат. Архив
Медициналык кызматкер эмдөө сертификаттарын толтупруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Азырынча өлкөдө 20 мамлекеттин эмдөө сертификаттары жарактуу деп эсептелет. Кыргызстанга башка өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн эмдөө сертификаттары келгенде тизме жаңыланып турат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Республикалык штаб Кыргызстан кайсы мамлекеттердин эмдөө сертификаттарын тааный турганын айтып, тизмектеп берди.

Азырынча өлкөдө 20 мамлекеттин эмдөө сертификаттары жарактуу деп эсептелет. Алар:

  • Венгрия;
  • Улуу Британия;
  • Катар мамлекети;
  • Израиль;
  • Сауд Аравия Королдугу;
  • Өзбекстан;
  • Бириккен Араб Эмирликтери;
  • Казакстан;
  • АКШ;
  • Грузия;
  • Румыния;
  • Россия;
  • Корея Республикасы;
  • Европа Биримдиги;
  • Сан-Марино;
  • Түркия;
  • Франция;
  • Германия;
  • Польша;
  • Швейцария.

Штаб Кыргызстанга башка өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн эмдөө сертификаттары келген учурда тизме жаңыртылып турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0