Бейшембиге карата аба ырайы

© Фото / Геннадий ЗакировНарын обласындагы Кель-Суу көлү. Архив
Нарын обласындагы Кель-Суу көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 12-августта күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде жамгыр жаайт. Башка облустардын дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл менен Нарында +25...+30 градус болот.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +24...+26 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0