Жан Воинов дүйнөнүн мыктылары катышкан бий сынагына калыстык кылат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык бийчи Жан Воинов. Архив
Кыргызстандык бийчи Жан Воинов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, эл аралык мелдешке дүйнөнүн мыкты бийчилери менен хореографтары катышат. Иш-чаранын 26-28-август күндөрү Париж шаарында өтөрү күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандык бийчи Жан Воинов Fusion Concept Festival эл аралык бий чемпионатына калыстык кылчу топтун курамына кирди. Бул тууралуу сынактын Instagram тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Fusion Concept Festival (@fusionconceptfestival)

Маалыматка караганда, эл аралык мелдешке дүйнөнүн мыкты бийчилери менен хореографтары катышат. Иш-чаранын 26-28-август күндөрү Париж шаарында өтөрү күтүлүп жатат.

Сахнадагы артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Бишкекте кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт
Ошондой эле бул сынакка алгачкы жолу кыргызстандык бийчи калыс катары күбө болуп жатканы айтылды. Аны менен бирге бийчилердин өнөрүнө айтылуу Мадоннанын хореографы Марвин Гофин, брейк-данс стилинин негиздөөчүлөрүнүн бири Би-Бой Жуниор, дүйнөгө белгилүү бийчилер Жин Майкл (Diablo) жана Бэд Жиал Кэсси калыс болот.

Жан Воинов — кыргызстандык кесипкөй бийчи. Бир катар эл аралык сынактардын заманбап бий боюнча жеңүүчүсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0