COVID: алты бейтап каза таап, 417 адам вирус жуктурду. Акыркы статистика

© AFP / SAJJAD HUSSAINКоронавируска тест жасоого алынган анализ. Архив
Коронавируска тест жасоого алынган анализ. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Ооруну өткөн сутка ичинде 743 бейтап жеңген. Ушул тапта стационарда 2 382, амбулатордук түрдө 3 771 адам дарыланып жатат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 417 адам жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ооруга кабылгандар:

  • Бишкек — 201;
  • Ош шаары — 8;
  • Чүй — 83;
  • Ош — 13;
  • Талас — 17;
  • Нарын — 16;
  • Ысык-Көл — 38;
  • Жалал-Абад —14
  • Баткен облусу — 27.

Жалпы 170 770 адам коронавируска чалдыккан.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 743 болсо, баш-аягы 160 794 бейтап сакайды.

Тилекке каршы, алты киши оорунун курмандыгы болду. Ушуну менен коронавирус жуктурган жалпы 2 426 адам каза тапты.

Стационарда — 2 382, амбулатордук түрдө 3 771 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0