Иманкулов: Афганистандагы миңдеген согушкер бизди көздөй агылат

© AP Photo / Allauddin KhanТалибандын бөлүнүп кеткенн фракциясынын мүчөлөрү. Архив
Талибандын бөлүнүп кеткенн фракциясынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Ушу тапта Афганистандын түндүк провинцияларын миңдеген согушкер байырлап, лагерлерди түзүп, окуудан өтүп, өз топторуна адамдарды азгырууда. Коопсуздук кеңешинин катчысы согушкерлердин көбү биздин региондон чыкканын айтты.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Афганистандагы миңдеген согушкер биздин регионго агылууга даяр экенин тегерек столдо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Ал Кыргызстан үчүн тыштан келчү коркунучтар тууралуу айтып берди. Иманкуловдун пикиринде, Афганистандагы кырдаал чегине жетип, көзөмөлдөн чыгары, мунун кесепети жалпы регионго, анын ичинен Кыргызстанга да сезилери тууралуу айтылып жүргөнүнө 10 жылдай болду.

"Афганистандагы акыркы окуялар бул мамлекеттер даяр турушу керек болгон реалдуу кооптуулук экенин көрсөттү", — деди катчы.

Иманкулов "Талибан" Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен жерин басып алып, КМШ менен болгон чек арасын көзөмөлдөп жатканын белгиледи. Ал Афганистандын өзүндө ири жарандык согуш башталышы мүмкүн экенин да четке каккан жок.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Шойгу ЖККУну талибдердин кирип келишине даяр турууга чакырды
"Афганистандагы окуялар бизге кандай таасир этиши мүмкүн деп сураарсыңар. Кадимкидей эле түз таасир этет. "Талибанды" тегеректеген террордук жана экстремисттик уюмдар өтө эле көп. Сирия менен Ирактагы окуялардан соң, Россиянын кийлигишүүсү менен талкалангандан кийин, согушкерлердин басымдуу бөлүгү Афганистанга кире качкан. Алар эми түндүк провинцияларда лагерлерди уюштуруп жатышат", — деп сөзүн улады катчы.

Иманкулов согушкерлердин саны ондоп же жүздөп эмес, миңдеп саналарын кошумчалады.

"Булар дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулгандар, ошентсе да биздин региондон кошулгандар көбүрөөк. Булар Афганистандын түндүк провинциялардын ээлеп, машыгып, башкаларды үгүттөп жатышат. Ушунун баары бизге агылышы мүмкүн. "Талибандын" өзү келбейт, кыймылдын максаты — бийлигин Афганистанда орнотуу. Бизге анын тегерегиндеги террордук уюмдар кириши мүмкүн", — деди ал.

Иманкулов бул жагдайга даяр туруу керектигин эскертти. Эң башкы коркунуч — "Талибандын" айланасындагы уюмдар.

Афганистандын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Талибдер түндүк провинцияларды ээлөөдө. Кабул менен Вашингтон кандай жооп берет?
"Алар менен сүйлөшүү мүмкүн эмес, мамлекеттин күчүн, сүрүн, кубатын гана каршы кое алабыз. Буга Кыргызстандын күчү жетеби? Ооба, биз даярдык көрүп жатабыз. Бирок масштабы Сириядагыдай жайылып кетсе, эл аралык уюмдардан, биринчи кезекте ЖККУдан жардам суроого аргасыз болобуз. Аталган уюм дал ушул коопсуздукту камсыздоо үчүн түзүлгөн", — деди Иманкулов.

Катчы улуттук коопсуздук кыргызстандыктардын ынтымагынан көз каранды экенин, болбосо мамлекеттик органдардын күчү жетишсиз болорун кошумчалады.

* Кыргызстан, Россия жана бир катар башка мамелкеттерде тыюу салынган террордук топ.

Жаңылыктар түрмөгү
0