Күн кескин сууктайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© AFP / SPENCER PLATTКатуу жамгыр учурунда жөө адамдар. Архив
Катуу жамгыр учурунда жөө адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Республика боюнча аба ырайынын түнкү температурасы төмөндөйт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 13-16-августтарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

14-16-августта жана 17-августта тункүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус жылуу болот. Тоо этектеринде болсо түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19 градус болушу ыктымал.

Талас облусунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24° болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17° болсо, күндүз 25…30° ысыйт. Тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26° болору айтылды.

Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20 градуска жетет. Тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 4…9° жылуу болушу ыктымал.

Мындай өзгөрүлмөлүү аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал кармоону кыйындатат.

13-августтан 16-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел да жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0