Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бул жылы "Оймо" фестивалы Ысык-Көлдө эмес, башка облуста өткөрүлөт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектеги "Оймо" фестивалында модельдер. Архив
Бишкектеги Оймо фестивалында модельдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Жыл сайын бул фестиваль Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун жээгинде июль айынын соңунда болчу. Бул жылы 24-25-августта Нарында "Шырдак" фестивалы менен биргеликте, 27-31-августта "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында болот.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бул жылы кол өнөрчүлүк боюнча "Оймо" фестивалы Бишкекте жана Нарында өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигиннин маалымат борборунда фестивалдын директору Динара Чочунбаева билдирди.

Жыл сайын бул фестиваль Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун жээгинде июль айынын соңунда болчу. Бул жылы 24-25-августта Нарында "Шырдак" фестивалы менен биргеликте, 27-31-августта "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында болот.

"Бул ирет Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралар болот. Ага кол өнөрчүлөрдөн тарта искусство өкүлдөрү жана таланттуу жаштар катышат", — деди Чочунбаева.

Бишкекте өтчү бөлүгүнө кыргызстандыктардан тышкары Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринен келген кол өнөрчүлөр катышат. Фестивалдын алкагында мастер-класстар, мода көргөзмөсү сыяктуу маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Фестивалдын негизги максаты — маданий мурастарды сактоо жана Кыргызстанды экологиялык туризмдин борборуна айландыруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0