Менчик мектептер дагы 15-сентябрдан тарта иштейби? Министрликтин жообу

© AFP / ADEM ALTANМенчик мектептеги класста окуучулар сабак учурунда. Архив
Менчик мектептеги класста окуучулар сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Билим берүү министрлигинин адиси окуу жылы 15-сентябрда башталса, 8-июнда бүтөрүн айтып, бул аралык бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайларга тапшырганына көп деле зыянын тийгизбей турганын кошумчалаган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өкмөттүн жаңы окуу жылынын башталышы боюнча токтомуна түшүндүрмө берди.

Эске салсак, 2021-2022-жылкы окуу жылы жылдагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда баштала турган болду. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Усеналиевдин айтымында, бул чечим өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү.

"Жогорку окуу жай, кесиптик лицей, жеке менчик мектеп, мамлекеттик жана муниципалдык мектептин баарында окуу 15-сентябрда башталат", — деди башкармалыктын жетекчиси.

Ал быйылкы окуу жылы кайсы убакытта аяктап кала турганын да түшүндүрдү.

"2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 8-июнда аяктайт. Андан кийин мамлекеттик экзамендер башталып, алар 1-июлда бүтөт. Мындан соң күбөлүктөрдү 11-июлда, аттестаттарды 15-июлда тапшырып калабыз. Ошондо бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайларга тапшырышына көп деле зыян тийбейт", — деди адис.

Окуучулар сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Билим берүү министрлиги ата-энелерден акча чогултуу маселеси боюнча үн катты
Усеналиев ата-энелер балдарын мектепке 15-сентябрга чейин даярдаса боло турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынган. Окуу жылын жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына да салым кошору белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0