Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Ысык-Көл жана Нарын облустары "чеберлер шаары" дүйнөлүк макамын алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши боз үйдү тургузуп жатат. Архив
Киши боз үйдү тургузуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Дүйнөлүк уюм тиешелүү сертификатты жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жөнөткөн. Бирок учурда ал кайда калганы белгисиз.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ысык-Көл жана Нарын облустары Дүйнөлүк уз-чеберлер кеңешинен (WCC – World Craft Council) "чеберлер шаары" макамын алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде "Оймо" фестивалынын башкы директору, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эксперти Динара Чочунбаева билдирди.

Ысык-Көл облусуна "Боз үйлөр шаары", Нарынга "Кийиз буюмдар шаары" номинациясы ыйгарылды. WCC комиссиясы Кыргызстанга 2019-жылы октябрда келип кеткен.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Оймо" фестивалынын башкы директору, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эксперти Динара Чочунбаева
Ысык-Көл жана Нарын облустары чеберлер шаары дүйнөлүк макамын алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
"Оймо" фестивалынын башкы директору, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эксперти Динара Чочунбаева
"Дүйнөлүк уз-чеберлер кеңеши Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн макам алуу тууралуу берген арызын кабыл алды. Калыстардын келип-кетишинин чыгымын Кыргызстан төлөй алган жок, мындан улам өкмөттүк эмес уюмдар көтөрүп берди. Анан региондордо жергиликтүү бийлик органдары тосуп алды. Алар аракет кылышты, бирок кол өнөрчүлүктүн абалы тууралуу такыр кабардар эмес экен. Мисалы, калыстар уз-чеберлер кандай шартта жашаганы тууралуу сураса, жергиликтүү аткаминерлер айыл чарба, койлор, кызылча жана башка нерселерди айтып салды. Кыскасы, уз-чеберлерден башканын баарын айтышты", — деди Чочунбаева.

Анын айтымында, ошого карабай калыстар кабыл алып эки облуска "чеберлер шаары" макамын берүүгө макул болушкан. Тиешелүү сертификатты жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жөнөткөн. Бирок учурда аталган сертификат кайсы жерде калганын эч ким билбей жатат.

Чочунбаевага катар эки облуска макам берилгени тууралуу WCC расмий түрдө куттуктоо жиберген. Демек, де-юре макамга ээ болгону менен де-факто түрүндө жок болуп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0