Дарыгер инфарктка алып келе турчу оорунун алгачкы белгилерин атап берди

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaКардиолог. Архивное фото
Кардиолог. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Адис атеросклероз жаш кезде деле пайда болуп каларын айткан. Анда тамырлардан кан жакшы өтпөй, миокарддын инфарктына жеткириши мүмкүн.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Атеросклероздун биринчи симптомдору жана аны алдын алуунун жолдору тууралуу кардиолог Полина Злобина "Доктор Питер" порталына айтып берди.

Ал атеросклероз жаштарда дагы болуп жатканын белгилеген. Мында тамырлардан кан жакшы өтпөй, миокарддын инфаркты жаралып, көңүл бурбаса өлүмгө чейин алып барат.

"Атеросклероздун биринчи белгилеринде төш жак ооруйт, бул көбүнчө кара жумуш жасагандан кийин билинет. Сол кол, сол далы менен жаактын асты да сыздатат. Оору бат тарап кетет. Бирок басканда, кыймылдаганда кайра башталат", — деген Злобина.

Дарыгер атеросклероздун өрчүп кетишин алдын алуу жолдорун да айтып берген.

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Дарыгер ооруну убактылуу баскан дарылардын кооптуулугун айтты
"Куурулган, майлуу, таттуу тамактардан баш тартып, көбүрөөк жашылча-жемиш жеп, ак нандын ордуна тазаланбаган буудайдан жасалган нанды колдонуу керек. Эгер бардыгынан дароо баш тартуу кыйын болсо тамак жасоонун ыкмасын өзгөртүңүз, мисалы, куурубай демдеп же бууга бышырыңыз. Ошондой эле машыгууга жумасына 3,5 саат жумшаңыз. Ашыкча салмактан жана кант диабетинен арылыңыз. Чылымдан да баш тартсаңыз жакшы болот", — деген дарыгер.

Адис атеросклероз менен жабыркагандар кан басымын маалы менен ченеп турушу керектигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0