ЦУМ менен ГУМда бомба бар деп кабарлоого шектелген аял камакка алынды

© AFP / ALAIN JOCARDАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Күч түзүмдөрү шектүү катары 27 жаштагы аялды кармаган. Алдын ала маалымат боюнча, ал ЦУМда иштеген жолдошун коркутуу үчүн ушундай кадамга барган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. "Айчүрөк" дүр-дүйнө соода борборунда бомба бар деп жалган маалымат берүүгө шектелип жаткан аял №1 тергөө абагына 22-августка чейин киргизилди. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук соту билдирди.

9-август күнү укук коргоо органдарына ЦУМга жардыруучу зат коюлганы боюнча маалымат түшкөн. Буга байланыштуу соода борбордун аймагы курчоого алынып, ичиндеги эл эвакуацияланган. Кишилер барымтага алынды деген маалымат да жалган болуп чыккан. Бир аздан кийин милиция "Чынар" (ГУМ) соода борборун курчоого алган, бирок ал жактан да эч нерсе табылган эмес.

Бомба коюлду деп курчоого алган Айчүрөк дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанындагы милиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Курчалган ЦУМ ачылды. УКМК окуя боюнча үн катты
УКМКнын ыкчам-тергөө тобу телефон чалып жалган маалымат кабарлаган адамды аныктоо боюнча иш алып барган. Ал эми факт боюнча топтолгон материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү") боюнча каттоого алынган.

Күч түзүмдөрү шектүү катары 27 жаштагы аялды кармаган. Алдын ала маалымат боюнча, ал ЦУМда иштеген жолдошун коркутуу үчүн ушундай кадамга барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0