ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештер менен жолугуп, эскертүү берди

© Фото / пресс-служба МВД КРМосквада ИИМдин өкүлчүлүгү мекендештер менен жолугуу учурунда
Москвада ИИМдин өкүлчүлүгү мекендештер менен жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Жолугушууга кыргыз диаспоралары, коомдук уюмдар, спорт клубдардын машыктыруучулары жана айдоочулардын биргелешкен таксопаркынын лидерлери катышты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте Москвадагы мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жолугушууга кыргыз диаспоралары, коомдук уюмдар, спорт клубдардын машыктыруучулары жана айдоочулардын биргелешкен таксопаркынын лидерлери катышты. Мындай иш-чара Москвадагы чет элдик жарандардын жаңжал чыгаруусунан улам болгон.

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте Москвадагы мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештер менен жолугуп, эскертүү берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте Москвадагы мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Жыйында уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган жана баңгизатка байланышкан кылмыштарды алдын алуу маселеси каралды.

"Кайсы бир окуя боюнча так маалымат таратуу, кылмыштуу топтор менен күрөшүү жана жаштар арасындагы баңгизатка аралашкан кылмыштарды болтурбоо тууралуу айтылды. Бийлик өкүлдөрү жолугушуунун катышуучуларынан Россиянын мыйзамдарын сактоо, митинг жана башка деструктивдүү маанайдагы ар түрдүү чогулуштарды өткөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранды. Эгер ушундай учур жаралса ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылууну өтүндү", — деп айтылат маалыматта.

Москва районунундагы миграция борборун жанында кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Мушташка катышкан мигранттар Россияга кирүү укугунан таптакыр ажырашы мүмкүн
Андан соң катышкан адамдар сөз сүйлөп, жаштарды социалдык тармактардан жана түрдүү мессенжерлерден этиятсыз билдирүүлөрдү жасабоого, улуттар аралык кастыкты козутпоого жана жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Өз кезегинде ИИМдин өкүлчүлүгү ар кандай маалыматтарга байкоо салып, мониторинг жүргүзүп жатканын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0