Министрлик 15-сентябрда мектептерде линейка болорун айтты

© пресс-служба мэрии города БишкекСалтанаттуу линейкадагы окуучулар. Архив
Салтанаттуу линейкадагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жазылуу
2021-2022-окуу жылы жылдагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталганы турат. Буга бир нече жагдай себеп болгон.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы 15-сентябрда башталып, ал күнү бардык класстар үчүн линейка, окуу майрамы болот деп күтүп жатабыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

"1-класстар, буюрса, 15-сентябрда мугалимдери, мектеп менен алгачкы ирет таанышат. Бирок ошол убакытка чейин эпидемиологиялык кырдаал турукташат деген үмүт бар. Ошого чейин мугалимдер эле эмес, тобокелдик тобуна кирген бардык адамдар коронавируска каршы вакцина алса жакшы болмок", — деди министрдин орун басары.

Эске салсак, 2021-2022-окуу жылы жылдагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0