Сырдашкан бүлө бузулбайт. Издешпей табышкан Азамат акын менен жубайы Жайнагүл

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБелгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев менен өмүрлүк жары Жайнагүл Жекшенбекова
Белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев менен өмүрлүк жары Жайнагүл Жекшенбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жазылуу
Белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаевдин өмүрлүк жары Жайнагүл Жекшенбекова дагы чыгармачыл адам, ырчы. Жубайларды чыгармачылык тааныштырып, табыштырган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын коноктору бул ирет дал ушул маданият жаатындагы үй-бүлө болду. Алар аял менен эркектин үйдөгү орду, чыгармачылыгы, бала-чакасы тууралуу кызыктуу маек курушту.

— Азамат байке, келинчегиңиз Жайнагүл эже менен кездешкен күндү эстеп айтып бересизби? Жубайыңыздын ырчы экенин көбү билбейт го.

Азамат Болгонбаев: — Эгер жубайлардын экөө тең бир тармакта болсо, алар көбүнчө иши аркылуу таанышып-табышат болушу керек. Себеби алардын багыты, жолу, аткарган эмгеги бир. Мен дагы келинчегимди чыгармачылык багытта жүрүп кездештиргем. Жайнагүл Улуттук консерваторияны, мен Искусство институтун аяктагам. Башында экөөбүз концерт, жакшылыктарда көрүшүп, кездешип, тааныш болуп жүрчүбүз. Анан нике кайып экен, жылдызыбыз келишип үйлөндүк. Негизи Кудай деле адамдарды багытына жараша кошот окшойт. Экөөбүз 2009-жылы жакындан таанышып, ошол эле жылы баш коштук.

Жайнагүл Улуттук консерваторияга чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайынан да билим алып калган. Өз ишин мыкты билген профессионал ырчы. Буга чейин бир топ жыл Бишкек шаардык театрында иштеген. Азыр балдар менен үйдө, алар чоңоюп калса, кайра чыгармачылыкка киришет деген жакшы тилек бар.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБелгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаевдин өмүрлүк жары Жайнагүл Жекшенбекова дагы чыгармачыл адам, ырчы
Сырдашкан бүлө бузулбайт. Издешпей табышкан Азамат акын менен жубайы Жайнагүл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаевдин өмүрлүк жары Жайнагүл Жекшенбекова дагы чыгармачыл адам, ырчы

— Жайнагүл эже, төкмө акын жүрөгүңүздү кайсы сапаттары менен багындырып алды?

Жайнагүл Жекшенбекова: — Азамат айткандай, экөөбүз мурда көрүшүп эле жүрчүбүз. Үйлөнүп калабыз деп ойлогон деле эмеспиз, тагыраагы, менде андай ой жок болчу. Анан бир күнү колумду сураган сунушу түшүп, ошону менен макул болуп үйлөнүп калдык.

А.Б.: — Адам бири-бирине байланганын өзү деле билбей калат окшойт. Бизди ошол учурдагы сүйүү, махабат, чыгармачылык байлады го. Үйлөнөрдүн алдында экөөбүз ата-энелерибизди тааныштыралы деп чечтик. Аларды тосконго чөнтөктө бир аз эле тыйын бар болчу. Кыргызда "куданыкын Кудай камдайт" деген жакшы сөз бар эмеспи. Ал сөздү бала кезде көп эле уктук, бирок маани бербептирбиз. Ата-энемди тааныштырарда Нарын облусунун 70 жылдыгына карата иш-чара чыгып калды, баягы болгон акчамды ата-энелерди тааныштырууга таштап, өзүмө эптеп жол кире таап Рыспай, Шайырбек агалар менен Нарынга кеттик. Ал иш-чарадан Кудай жалгап баш байге утуп алдым. Ошентип ал жактан алган каражат жакшылыгыма жумшалды. Биз 10-июнда үйлөндүк, баш кошкондон кийин да көп жакшы нерселер болду. Август айында Саламат Садыкова эжебиз менен Украинага чоң фестивалга бардык, андан кийин Эгемендүүлүк майрамына карата чоң айтыш болуп Аалы Туткучев баш байгени, мен 1-орунду алып, үй-бүлөлүк каржы маселелерибиз ошо айтыштар менен эле жабылып калган. Айтор, ошол учурдагы айтыштар акжолтой болгон. Андан бери 12 жыл өттү, төрт баланын бактылуу ата-энеси болуп отурабыз.

© Фото / из семейного архива БолгонбаевыхАзамат Болгонбаев: чыгармачыл адамды баары бир чыгармачыл адам эле түшүнүп, жан дүйнөсүн түпкүрүндө сезип турат турбайбы. Маселен, келинчегим сахнанын кандай экенин, анын аурасын билет
Сырдашкан бүлө бузулбайт. Издешпей табышкан Азамат акын менен жубайы Жайнагүл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Азамат Болгонбаев: чыгармачыл адамды баары бир чыгармачыл адам эле түшүнүп, жан дүйнөсүн түпкүрүндө сезип турат турбайбы. Маселен, келинчегим сахнанын кандай экенин, анын аурасын билет

— Жайнагүл эже, белгилүү төкмө акын, коомдук ишмердин жубайы болуш деле оңой болбосо керек. Азамат Болгонбаевдин төкмө акын, эмгек сиңирген артист болушуна сиздин да колдооңуз таасир эткен чыгар.

Ж.Ж.: — Белгилүү төкмө акындын аялы болгон, албетте, оңой эмес. Бирок биз бир тармакта, чыгармачыл адам болгондуктан ишибизди жакшы түшүнөбүз. Маселен, анын кийимин иреттеп, бардык шартты түзүп берүү керек экенин билебиз.

А.Б.: — Толуктап кетейинчи. Биринчиден, Жайнагүл өзү музыкант болгондуктан бул нерсе кайсы бир деңгээлде өзүнүн жакшы таасирин берет. Эң башкысы — түшүнөт.

Чыгармачыл адамды баары бир чыгармачыл адам эле түшүнүп, жан дүйнөсүн түпкүрүндө сезип турат турбайбы. Маселен, келинчегим сахнанын кандай экенин, анын аурасын билет. Өзгөчө айтышарда, чоң концерттерде сезип, ошого жараша өзүнүн сынын, сунушун айтып турат. Балким, жубайым чыгармачыл адам болбой калганда бул багытта бир аз башкача нукта кетмектирмин деп ойлоп калам. Же аны үйрөтүп, аралаштырыш керек болмок. Ошол себептен тагдырыма Жайнагүлдөй адам жазылып калганына ыраазымын.

— Азамат байке чоң айтыштарга чыгарда үйдөн кандай колдоо көрсөтүп, кантип даярдайсыңар?

Ж.Ж. — Жумуштан келгенден кийин тынчын албайбыз. Анткени айтыш алдында жакшылап эс алышы керек. Ал жаткан бөлмөгө балдарды да киргизбей, тынч коёбуз. Бир гана акындарга эле эмес, ырчыларга деле концерт алдында тынчтык, эс алуу керек. Жакшы эс алган адамдын үнү да жакшы чыгат.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЖайнагүл Жекшенбекова: буюрса, балдарыбыз чоңоюп калса анан чыгармачылыкка баш-отум менен киришем
Сырдашкан бүлө бузулбайт. Издешпей табышкан Азамат акын менен жубайы Жайнагүл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жайнагүл Жекшенбекова: буюрса, балдарыбыз чоңоюп калса анан чыгармачылыкка баш-отум менен киришем

— Жогоруда жолдошуңуз сизди өз кесибин жакшы билген, профессионал ырчы деп айтты. Мындай талантты үйдө жашырып жаткандын өзү күнөө эмеспи?

Ж.Ж.: — Аял киши турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин көп убактысы балдар менен өтүп калат экен. Кээ бири төрөп алып эле жумушка чыгып кетет. Биз өтө эле баласаак окшойбуз, анте албадым. Улуу балдарым бир жаштан ашканда Арсен Өмүралиев атындагы "Саамал" ансамблине жумушка чыгып иштечүмүн. Азыр эң кичүүбүзгө 11 эле ай болду, ошол себептен үйдөмүн. Анын үстүнө балдар удаа болгондуктан бирин мектепке, экинчисин бакчага, ийримге жиберип үйдө болууга туура келип жатат. Таптакыр чыгармачылыктан алыстап кеттим дебейм. Кээде концерттерге барып турам. Буюрса, балдарыбыз чоңоюп калса анан чыгармачылыкка баш-отум менен киришем.

А.Б.: — Балдар чоңоюп келе жаткан учурда эненин эмгеги, мээрими көбүрөөк талап кылынат экен. Аялзатка тиешелүү асыл сапаттардын көпчүлүгү балага ошол учурда өтөт турбайбы. Анын үстүнө балдарыбыз да удаа төрөлүп калды.

Акын жубайлар Кутмырза Жакыбалиев менен Гүлзина Мыйзанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жүрөк ыраазы болсо мамиле бекемделет. Издешпей табышкан акын жубайлар
Бир жылы мен филармонияда иштеп жүргөн учурда Жайнагүлдү "Камбаркан" ансамблине чакырып калышты. Анан маэстрого "балдарыбыз азыр кичинекей, экөөбүз тең жумушка чыгып кетсек, аларды ким карайт" дедим. Негизи филармония маданий иш-чараларга активдүү аралашып, гастролдорго көп чыгат. Өзгөчө "Камбаркан" ансамбли активдүү. Анан ошол жакта дирижёр болуп иштеген Рыспек Жумакунов деген агай "Келин баланы жумушка алалы десе да болбой койдуң, ошентип басып жата бер, бу Азамат деген куу, келинчеги ырдайын деп баштаса эле боюнда кылып коёт" деп тамашалап айткан эле.

Балдарыбыздын алды өз оокатын кылганга жарап калды. Кичүүлөрү бир аз эс тартса, Жайнагүл да сөзсүз өзүнүн сүйгөн иши менен алектенет. Анын талантына ишенгендер көп. Анткени музыкалык базасы бай.

Чыгармачылык баары бир түпкүлүгү Кудайдан берилген белек. Ал нерсени үйдөгү тиричилик менен токтотуп коюуга болбойт. Буюрса, баары алдыда.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАзамат Болгонбаев: аялы менен күйөөсү көпчүлүк учурда сырдаш болуш керек го деп ойлойм. Бардык нерсени катып жүрө берген да болбойт
Сырдашкан бүлө бузулбайт. Издешпей табышкан Азамат акын менен жубайы Жайнагүл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Азамат Болгонбаев: аялы менен күйөөсү көпчүлүк учурда сырдаш болуш керек го деп ойлойм. Бардык нерсени катып жүрө берген да болбойт

— Сиз үйдөн келинчегиңизге кол кабыш кылып, жардам бересизби? Маселен, бала карашып дегендей.

А.Б.: — Мен чынында бала кароого таасын аралаша алган жокмун. Себеби, биринчиден, жумушка кетесиң, ал жактан чыгып, кечинде аш-той менен үйгө түндө келесиң. Ошентип жүрүп балдарды багышууга активдүү аралаша алган жокмун. Бирок эс артып калган балдарыма аталык милдетимди аткарып, акыл-насаатымды айтып, тарбиялайм.

Бала каралаша албай калганыма дагы бир себеп бар. Биз апам менен чогуу турабыз. Биз эле эмес, иним да келинчеги менен апамдын колунда. Анан үйдө киши көп болгондуктан эркинирээк болдум го, ошол нерсе таасир этти го деп ойлойм. Балким, Жайнагүл экөөбүз бөлүнүп кетип, шаарда батирде турсак, айрым жумуштарымды таштап үйдө бала каралашмактырмын.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАзамат Болгонбаев: башында Жайнагүл экөөбүз концерт, жакшылыктарда көрүшүп, кездешип, тааныш болуп жүрчүбүз. Анан нике кайып экен, жылдызыбыз келишип үйлөндүк
Сырдашкан бүлө бузулбайт. Издешпей табышкан Азамат акын менен жубайы Жайнагүл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Азамат Болгонбаев: башында Жайнагүл экөөбүз концерт, жакшылыктарда көрүшүп, кездешип, тааныш болуп жүрчүбүз. Анан нике кайып экен, жылдызыбыз келишип үйлөндүк

— Жайнагүл эже, ырдап жүрүп эле ырдабай үйдө отуруп калган адам булбулду капаска камап койгондой эле буулукса керек.

Ж.Ж.: — Андай учур болот. Агайым "Ишке чыкпай жүрө берсең таптакыр чыккың келбей калат. Андай абалга түшпөгүлө" деп айтты эле. Ошол нерсе кээде менин башыма да келет, эч жакка чыккым келбей калат. Азамат радио же башка эфирлерге чакырса, даярдыгым жоктой болуп баргым келбейт. Өзүм буга чейин оркестр менен ырдачумун да. Анан телевизордон оркестр менен ырдагандарды көрүп сагынасың, жаңы ыр жаздыргым келет. Үйдөн отуруп ырдайын десең бирөө келип комузду алат, бирөө дагы бир нерсени кармайт, ошону менен эч нерсе кыла албай отуруп калам (күлүп). Бирок, жогоруда айткандай, анда-санда ырдап турам. Керели-кечке капаста деле отурбайм, чыгармачыл адамдардын шаан-шөкөтү да көп эмеспи. Эки жакка чыгабыз. Үйдө киши көп болгондуктан балдарды кимге таштайбыз деген маселе жок.

— Үйдө аял менен эркектин орду тууралуу пикириңиздерди билгим келип жатат. Үй-бүлөнүн пайдубалы бекем болуш үчүн эмне маанилүү деп ойлойсуздар?

Театр өкүлдөрү Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
"Айга-күнгө теңегис". Издешпей табышкан Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова
А.Б.: — Аялы менен күйөөсү көпчүлүк учурда сырдаш болуш керек го деп ойлойм. Бардык нерсени катып жүрө берген да болбойт. Адам ичиндеги нерсени бирөөгө айтып, сүйлөшүп, чыгарып алганы жакшы. Аны башка бирөөгө айткандан көрө жаныңдагы жарың менен бөлүшкөн оң эмеспи. Дос-тааныштардын арасынан айрым эркектердин аялдары менен көп сырдашпай турганын байкайм.  Менимче, сырдашуу, сүйлөшүү баары бир жубайларды жакын кармаса керек.

Үй-бүлөнүн бекемдиги эркек кишиден көбүрөөк көз каранды. Бүлөнүн бузулушуна эркек кишинин таасири күчтүүрөөкпү деп ойлойм. Жигиттердин басымдуу бөлүгү турмуш курардын алдында негизги багыттарын билбей, таппай эле анан бир көрүп жактырып калган адамына ошондогу эргүү менен баш кошуп алат. Бирок бир көз ирмемдик арзуу түбөлүккө жетпейт. Үй-бүлө куруу бул жоопкерчиликтүү, жашоонун маанилүү бир бөлүгү. Андыктан эркек баарын таразалап, өзүнө талапты катуу эле коюп, анан үйлөнүшү керек. Түтүн булата баштагандан кийин көп нерсени өзгөртө албайсың. Бүлө бузулса, ага кошумча канча адамдын тагдыры талкаланат. Ошол себептен эң ириде үй-бүлө курарда баарын таразалоо керек деген ойдомун.

Бүлө кургандан кийин деле турмушта ар кандай кырдаал болот, казан-аяк кагышат. Бирок аны сактап калууда аялга караганда эркектен көп нерсе көз каранды.

© Фото / из семейного архива БолгонбаевыхАзамат Болгонбаев: үй-бүлөнүн бекемдиги эркек кишиден көбүрөөк көз каранды. Бүлөнүн бузулушуна эркек кишинин таасири күчтүүрөөкпү деп ойлойм
Сырдашкан бүлө бузулбайт. Издешпей табышкан Азамат акын менен жубайы Жайнагүл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Азамат Болгонбаев: үй-бүлөнүн бекемдиги эркек кишиден көбүрөөк көз каранды. Бүлөнүн бузулушуна эркек кишинин таасири күчтүүрөөкпү деп ойлойм

Ж.Ж.: — Менин оюмча, жаңы келген келинге кайын журту убагында жакшы колдоо көрсөтүп коюшу керек. Анткени ал башка бүлөдө, башка менталитет, башка тарбияда чоңойгон. Башында колдоп, кеңешин айтып койсо, келин көнүп кетет. Бул жаңы түтүн булата баштаган үй-бүлөнүн андан ары жакшы жашап кетүүсүнө да өбөлгө болот. Мен деле келин болуп келерим менен апам (кайненем) менен чогуу жашадым. Ал киши ар дайым колдоосун көрсөттү. Келин да кайын журту көрсөткөн сыйды түшүнө, көтөрө билгени жакшы деп ойлойм.

А.Б.: — Аял менен эркек бири-бирине жагдайын түшүндүрүп турса эле уруш-талаш чыкпаса керек. Сырдашкан эле үй-бүлө ажырашпайт деп ойлойм. Бул менин жеке оюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0