2021-жылдын июль айы тарыхта эң ысык ай болду

© AFP / HIMANSHU SHARMAЖайдын ысык күндө киши суу куюлуп жатат
Жайдын ысык күндө киши суу куюлуп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жазылуу
Жердин жана океандын үстүндөгү температура өткөн айда орточо эсеп менен 20-кылымда катталган көрсөткүчтөн бир градуска ысык болгону айтылды.

БИШКЕК, 14-авг.— Sputnik. 2021-жылдын июль айы 1980-жылдан берки метеорологиялык байкоого караганда эң ысык ай болду. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын атмосфера жана океан изилдөө улуттук башкармалыгына таянып кабарлады.

Ага ылайык, өткөн айда абанын температурасы Түндүк Америка, Европа, Түштүк Американын түндүк, түштүк бөлүгүндө, Түштүк Африкада, Азиянын түштүгүндө, Океанияда жана Тынч, Атлантика, Инди океандарынын айрым бөлүктөрүндө нормадан бир топко жогору болгон.

Жердин жана океандын үстүндөгү температура өткөн айда орточо эсеп менен 20-кылымда катталган көрсөткүчтөн бир градуска ысык болгону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0