Окумуштуулар: гаджеттен көзүн албаган бала күнүнө бир саат кыймылда болушу керек

© Фото / Pixabay / mirkosajkovКыз смартфон кармап турат. Архив
Кыз смартфон кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жазылуу
Изилдөөгө 4 661 бала катышып, алар канчалык көп кыймылдаарын жана гаджетте канча убак отурарын айтышкан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Көп убактысын экран алдында отуруу менен өткөргөн балдар жумасына алты саат активдүү кыймылда болсо толуп кетүү тобокелчилиги азаят. Бул тууралуу "Популярная механика" порталы жазды.

Финляндиянын окумуштуулары өспүрүм курактагы балдардын салмак кошушуна санариптик каражаттарды колдонуунун байланышын анализдеген. Изилдөөгө 4 661 бала катышып, алар канчалык көп кыймылдаарын жана гаджетте канча убак отурарын айтышкан. Мында диета, уйку жана колдонгон каражат эске алынган.

Наказание за распространение фейковой информации в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Смартфонго көп үңүлгөндөрдүн көзү кургап, иммунитети төмөндөйт
Натыйжада жумасына алты сааттан аз кыймылдаган 11 жаштагы тестиерлер 14 жашка чыкканда толуп кетүү ыктымалдуулугу өтө жогору экени аныкталган. Ал эми аптасына алты же андан көп саат кыймылда жүргөндөр чоңойгондо гаджеттерди колдонгону үчүн ашыкча салмак топтобойт.

Адистер балдарга жок дегенде күнүнө бир сааттан активдүү кыймылда болууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0