Бишкектин айрым райондорунда дээрлик эки жума газ жок болот

© AFP / SHAUN CURRYГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
Жылытуу сезонуна карата газ бөлүштүрүүчү тармактарда оңдоо жана профилактикалык жумуштар аткарыла турганы маалым болду.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. 16-августтан тарта Бишкектин бир катар аймактарында 12 күн көгүлтүр от жок болот.

Буга чейин "Газпром Кыргызстан" ишканасы 16-августтан 27-августка чейин жылытуу сезонуна карата газ бөлүштүрүүчү тармактарда оңдоо жана профилактикалык жумуштар аткарыла турганын айткан.

Газ берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • Курманжан датка, Калинин көчөлөрүндө, Чүй проспектинде, ЧЧК менен кесилишкен аймактарда;
  • Чыгыш-5 кичи району;
  • Бакай-Ата жаңы конушунун күн батыш тарабы;
  • ЖЭБ (ТЭЦ) району;
  • Восток жана Лебединовка айылдары.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0