COVID 332 адамдан чыгып, жети бейтап өтүп кетти. 15-августка карата маалымат

© AFP / DIMITAR DILKOFFОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
Пандемиядан бери 2 446 киши ооруну жеңе албай көз жумду. Учурда стационарда эки миңден, амбулатордук түрдө үч миңден ашуун бейтап дарыланууда.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 332 кишиден аныкталганын Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар бардык облуста бар:

  • Бишкек — 150;
  • Ош шаары — 2;
  • Чүй — 31;
  • Ош — 8;
  • Талас — 20;
  • Нарын — 23;
  • Ысык-Көл — 38;
  • Жалал-Абад — 36;
  • Баткен — 24.

Пандемиядан бери вирус 172 090 кыргызстандыктан аныкталды.

Тилекке каршы, ооруну жети адам жеңе алган жок. Жугуштуу илдет ушуну менен 2 446 кишинин өмүрүн алды.

Бир сутка ичинде 676 адам айыгып, ооруну жеңгендер жалпы 162 780 болду.

Ал эми стационарда 2 125, амбулатордук түрдө 3 328 бейтап дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0