Өткөн суткада коронавирус 237 кишиден табылып, 5 бейтап көз жумду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Өлкөдө вирус аныкталгандардын саны өткөн аптага салыштырмалуу азайганы байкалат. Азыркы тапта өлкөдө беш миңден ашык адам дарт менен алышып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус 237 кишиден аныкталып, 469 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 120;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 37;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 39;
  • Жалал-Абад облусу – 11;
  • Баткен облусу – 18.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 172 327ге жетти. Анын ичинен 163 249 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, кечээтен бери беш адам каза болуп, оору 2 451 адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта стационарда 2 101, ал эми амбулатордук шартта 3 112 адам дарыланып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0