Эмдөөдөн өтүп, арзан бут кийим алгыла! Бишкек мэриясынан акция

© Sputnik / Денис АбрамовБут кийим дүкөнү. Архив
Бут кийим дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Мындай акцияны жарандарга эмдөөдөн өтүүгө дем берүү үчүн Биринчи май райондук акимчилиги демилгелеп чыккан.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында коронавируска каршы вакцина алгандарга бут кийим дүкөнүнөн арзандатуу каралат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мындай жараян жарандарга эмдөөдөн өтүүгө дем берүү үчүн жасалып жатканы айтылды.

Калаа мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев вакцинациялоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

"Учурда шаардыктарды шыктандыруу механизми иштелип жатат. Вице-мэр Виктория Мозгачева Биринчи май райондук акмиаттын демилгесин белгиледи. Анда бут кийим саткан ири дүкөн менен биргеликте акция жүргүзүп, эмделгендерге арзан баа менен берилет", — деп айтылат маалыматта.

Мозгачеванын отчетунан кийин калаа башчысы акимдерге вакцинациялоо иштерин күчөтүү жана маалыматтык кампанияны активдештирүүгө тапшырма берди. Анын аткарылышын вице-мэр көзөмөлдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0