341 адамдан коронавирус табылып, 6 киши көз жумду. Акыркы маалымат

© AFP / RONNY HARTMANNСитуация в Германии на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Германии на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Өлкөдө вирус илештиргендердин саны азайганы менен өлүм учурлары дагы деле катталууда. Азыркы тапта 2000ге жакын адам ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 341 адамдан коронавирус аныкталып, 561 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

  • Вирус жуктургандар:
  • Бишкек – 151;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 93;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 16.

Жизнь в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Коронавирустан кийин чачты кантип калыбына келтирсе болот? Медиктин кеңеши
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин саны 172 668ге жетип, анын ичинен 163 810 адам айыкты.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде оору алты адамдын өмүрүн алган. Жалпысынан коронавирустан 2 457 өлүм учуру катталды.

Азыркы учурда стационарда 1 920, ал эми амбулатордук шартта 3 067 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0