Эмделгени тууралуу маалымат "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесине да киргизилди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүү"COVID-19суз саякаттоо" тиркемеси. Архив
COVID-19суз саякаттоо тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Министрлик тиркемени иштеп чыгуучулар менен биргеликте эл аралык санарип кызматын тесттик режимде ишке киргизди.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Коронавируска каршы эмдөө алгандыгы тууралуу маалымат эми "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемесине да киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Ведомство Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү (тиркемени иштеп чыгуучулар) менен биргеликте эмдөө алгандыгы тууралуу маалыматты жүктөө үчүн эл аралык санарип кызматын тесттик режимде ишке киргизди.

"Муну менен жарандарга ыңгайлуу гана эмес, чек арадан өтүү процедураларында ыкчам маалымат берүүнү камсыз кылууга мүмкүн болду. Кыргызстан эмдөө боюнча маалыматтарды мобилдик тиркемеге биринчилерден болуп киргизгенин белгилей кетүү керек", — деп айтылат маалыматта.

Эмделгени тууралуу маалыматты "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесине жүктөө үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  • "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемесин жаңылаңыз;
  • "Профиль" бөлүмүндө смартфондун камерасын колдонуу менен саякат үчүн колдонулган документти сканерлөө;
  • "Эмдөө" бөлүмүндө "Эмдөөнү кошуу" баскычын басыңыз. "Кыргызстан" өлкөсүн тандап "Улантуу" баскычын басыңыз;
  • Андан кийин мурда сканерленген паспортту тандап, "Улантуу" баскычын басыңыз;
  • Эмдөө күбөлүгүн кайрадан түзүү. Төмөнкү оң бурчта кошумча QR код көрүнүшү керек.

Андан кийинки учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин www.vc.emed.gov расмий сайты, Мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы (www. portal.tunduk.kg) жана уюлдук операторлордун электрондук капчыктары аркылуу жеткиликтүү болгон COVID-19га каршы эмдөө сертификатынын төмөнкү оң бурчунда жайгашкан QR кодун сканерлөө зарыл.

Старт вакцинации российской вакциной Спутник V от коронавируса в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Кечээтен бери 23 629 адам эмделди. Көбү вакцинанын экинчи дозасын алгандар
Натыйжада эмдөө тууралуу маалымат "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесинде жеткиликтүү болот.

Министрлик "COVID-19суз саякаттайм" тиркемеси эмне үчүн керектигин эске салды. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнө барууну пландап жаткандар үчүн иштелип чыкканын белгиледи. Анын жардамы менен жакын жерде жайгашкан ПЦР-тест тапшыруу боюнча программага кирген лабораторияларды табууга болот. Ошол эле учурда тестирлөөнүн жыйынтыгы QR код түрүндө колдонмого түз келип түшөт, аны чек арадан өтүүдө көрсөтө аласыз.

Жеткиликтүү уюмдардын тизмеси же колдонмонун башка маалыматтары жана функциялары актуалдуу болушу үчүн тиркемесин дайыма жаңылап туруу сунушталат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0