Элчи: учурда 15 кыргызстандык Афганистандан эвакуацияланып жатат

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКабул шаарындагы Талибан кыймылынын согушкерлери
Кабул шаарындагы Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Буга чейин ТИМ Афганистандан тогуз кыргызстандыкты чыгарып кеткенин маалымдаган. Элчи бүгүн дагы 15 кыргызстандык мекенине кайтарыларын билдирди.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Учурда Кыргызстандын 15 жараны Афганистандан эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине КРдин аталган өлкөдөгү элчиси Мирослав Ниязов билдирди.

Анын айтымында, жарандар АКШнын колдоосу менен Алматыга жеткирилет.

Буга чейин ТИМ Афганистандан тогуз кыргызстандыкты чыгарып кеткенин маалымдаган. Алардын бардыгы кызмат көрсөтүү сферасында иштеп келген.

Афганистандагы кырдаал

Талибан кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Аялдардын укугу, баңгизат, диний ишенимдер. Талибдер эмне убадалоодо
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кеткен соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда анын каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0