Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүп, 500 студентти кабыл алат

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевРабота штаба добра "Помощь Баткену" в Бишкеке
Работа штаба добра Помощь Баткену в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Кыргызстан абал турукташып, аба кемелеринин коопсуздугу камсыздалганда азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам жөнөтөрү айтылат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Афганистандык студенттерге Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 500гө чейин виза берилет жана азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу ТИМ башчысы Руслан Казакбаев АКШнын өлкөдөгү убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцерди жана Американын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Колтерди кабыл алганда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди кеңири талкуулашкан.

Министр Казакбаев Америкага казак тарап менен биргеликте Афганистандан 15 кыргыз жаранын эвакуациялагандыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Сирия менен Ирактагы кыргызстандык аялдарды жана балдарды өлкөгө кайтаруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу маанилүү экендигин да айткан.

"Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Афганистандын көп улуттуу элине зарыл болгон гуманитардык жардам көрсөтүү тапшырмасы тууралуу маалымат берди. Ушуга байланыштуу афганистандык студенттерге Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 500гө чейин виза берүү жана абал турукташып, аба кемелеринин коопсуздугу камсыздалганда азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн билдирди", — деп жазылган маалыматта.

Америка тарап Кыргызстандын Афганистандын студенттерине виза берүү чечимин баалап, АКШнын Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетинде 150 афган студентин каржылоого даярдыгын билдирген.

Андан кийин эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун багыттарын талкуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0