Арыктабаш керек! Коронавирустан кийин рактын өрчүү тобокелчилиги эскертилди

CC0 / Pixabay / Engin AkyurtЛечение нового коронавируса
Лечение нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Мясников коронавирустун оор формасына чалдыккандардан фиброз катталып жатканын айтып, алардын өпкө рагына кабылуу коркунучу жогору экенин айткан.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников коронавирустан айыккандан кийинки синдром кайсы учурда өпкө рагына алып келиши ыктымал экенин айтты. Медиктин пикири РИА Новостиге жарыяланды.

Мясниковдун айтымында, коронавирус ар кимде ар кандай формада өтөт. Анализинин жыйынтыгы оң чыккандардын 25-30 пайызында эч кандай белгиси байкалбайт. Бирок дарттын оор формасына чалдыккандарда фиброз катталып жатканы айтылды. Фиброз — бул өпкөдө тактын пайда болушу. Коронавирустан кийин өпкөсүндө фиброз пайда болгондордун өпкө рагына кабылуу коркунучу 8-14 эсеге көбөйөт.

"Мындай учурда чылым чеккенди таптакыр таштап, арыктабай, витаминдерди этияттап ичиш керек. Баса, өпкөдө фиброздун пайда болушу оор пневмониядан эле кабар бербейт. Өпкө катуу сезгенген учурда да так калат. Маселен, пневмококк, кургак учукта да ушундай болушу мүмкүн", — деди медик.

Пневмониянын оор түрүнө адатта жашы өтүп калган, өнөкөт оорусу бар улгайган адамдар кабылары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0