Кыргызстанда Казакстандын вакцинасы каттоого алынды

© Фото / Официальный информационный ресурс премьер-министра РК / MURZABAEV_NARIMANВакцинация казахстанцев вакциной QazCovid-in
Вакцинация казахстанцев вакциной QazCovid-in - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Документте препарат 18-августта каттоого алынганы көрсөтүлгөн. Каттоо мөөнөтү — 2022-жылдын 18-февралына чейин.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасы Кыргызстанда каттоодон өттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан саламаттык сактоо министри Алексей Цойдун айтканына таянып кабарлады.

Документте препарат 18-августта каттоого алынганы көрсөтүлгөн. Каттоо мөөнөтү — 2022-жылдын 18-февралына чейин.

Эске салсак, июль айында Казакстан Кыргызстанга вакцинанын 25 миң дозасын берген. Саламаттык сактоо министринин айтымында, кыргыз тарап гуманитардык жардам сурап кайрылган.

"Казакстан гуманитардык жардам эле албастан, аны башка өлкөлөргө берип да келет. Биз бир тууган коңшу мамлекетке жардам бердик. Казакстанда чыгарылган вакциналар башка мамлекеттерде да колдонулуп жатканы чоң жетишкендик", — деди министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 800 миңден ашык адам коронавируска каршы эмделишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0