Бишкекте жаңы автобустук каттам пайда болду. Схемасы

© пресс-служба мэрии города БишкекЗапуск автобусного маршрута "Восточный автовокзал — инфекционная больница"
Запуск автобусного маршрута Восточный автовокзал — инфекционная больница - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Жаңы каттам чыгыш автобекетинен Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына чейин түз барат. Мындан сырткары "Учкун", "Тунгуч" кичирайондорунан да өтөт.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкек Чыгыш автобекети — жугуштуу илдеттер ооруканасы багыты боюнча автобустук каттам иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Бишкек транспорт башкармалыгы шаардыктардын өтүнүчү менен №2 автобусттук маршрутун ишке киргизди. Ал чыгыш автобекетинен Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына чейин түз барат. Мындан сырткары, "Учкун", "Тунгуч" кичи райондорунан да өтөт. 

© пресс-служба мэрии города БишкекЗапуск автобусного маршрута "Восточный автовокзал — инфекционная больница"
Бишкекте жаңы автобустук каттам пайда болду. Схемасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Запуск автобусного маршрута "Восточный автовокзал — инфекционная больница"
"Жугуштуу илдеттер ооруканасында коронавирус жуктуруп дарыланып жаткандардын жакындарына жеңил болуш үчүн №2 автобустук маршрут каттай баштады", — деп айтылат маалыматта.

Аталган каттамда бүгүн, 19-августтан тарта, 12 автобус иштей баштаганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0