Кыргызстанда бир суткада 25 миңден көп адам эмделди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВакцина кармап турган дарыгер. Архив
Вакцина кармап турган дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн кеминде калктын 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 25 886 киши коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Кошумча эмдөө пунктулары Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги почта филиалында жана эки Калкты тейлөө борборунда ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Бишкектин үч жеринде кошумча эмдөө пунктулары ачылды. Дареги
Анын ичинен 8 305и вакцинанын биринчи дозасын сайдырса, калган 17 581и вакцинанын экинчи дозасы менен эмделген.

Жалпысынан өлкөдө 622 845 адам вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми экинчи доза менен 323 237 кишинин эмделгени маалым болду.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында Кыргызстанда 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн кеминде калктын 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0