Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл койду

Жапаров Көлгө сапарын Жусуп Абдрахмановдун эстелигине гүл коюу менен баштады

136
(жаңыланган 11:09 21.08.2021)
Юбилейди майрамдоо Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында, анын ичинде Жусуп Абдрахманов төрөлгөн Жаркынбаев айылында да пландалган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарын мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекени Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл коюу менен баштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Памятник выдающемуся государственному деятелю Жусупу Абдрахманову, установленный в его родовом селе Жаркынбаево Иссык-Кульского района. 21 августа 2021 года
    Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарын мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекени Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл коюу менен баштады.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров возложил цветы к памятнику выдающемуся государственному деятелю Жусупу Абдрахманову, установленному в его родовом селе Жаркынбаево Иссык-Кульского района. 21 августа 2021 года
    Эскерте кетсек, быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгынын урматына мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтөт.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарын мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекени Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл коюу менен баштады.

Эскерте кетсек, быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгынын урматына мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтөт

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров возложил цветы к памятнику государственному деятелю Жусупу Абдрахманову в селе Жаркынбаево Иссык-Кульского района. 21 августа 2021 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл койду

Юбилейди майрамдоо Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында, анын ичинде Жусуп Абдрахманов төрөлгөн Жаркынбаев айылында да пландалган.

Президент Садыр Жапаров Жаркынбаев айылынын аксакалдары менен учурашып, алар менен жылуу маанайда баарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчынын иш сапары бүгүн аяктайт.

136
Белгилер:
Садыр Жапаров, Жусуп Абдрахманов, Ысык-Көл, эстелик, гүл, сапар
Тема боюнча
Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты

Эртең Бишкектин кайсы жеринде электр кубаты өчүрүлөт. Тизме

1
(жаңыланган 16:11 20.09.2021)
Шейшемби күнү "Түндүк электр" ишканасынын бригадасы Бишкектин чекесинде жайгашкан айылдагы подстанциянын жана калаадагы үйлөрдүн ичиндеги электр тармактардын абалын текшерип чыгат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Электр кубаты 21-сентябрь күнү Бишкектин 13 көчөсүнүн тилкелеринде болбой тургандыгы "Түндүк электр" ишканасынын сайтында жазылган.

Бул күнү адистерден турган бригадалар үйлөрдүн ичиндеги электр тармактардын абалын көздөн кечирип, оңдой турчуларын кайрадан карап, түздөп чыгат. Андан сырткары, Күнтуу айылындагы подстанцияны текшерет.

Электр кубаты өчүрүлө турган аймактар:

  • 09:00-18:00 — Манас проспектисинин тилкеси (№61 үй), Тынчтык, Касым, Ынтымак, Арча-Бешик (Безымянная, Кара-Кужур, Абдрахманов, Бердибаев, Алтын-Тутун, Эртайлак, Шербет, Садыбакасов, Он-Арча көчөлөрү), Ак-Босого конуштары, Жал-29 кичи району.
  • 09:30-18:30 — Ахунбаев ( №106 А үй) көчөсүнүн тилкеси, Кара-Жыгач (Субан-Ата көчөсү) конушу.
1
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, электр кубаты, Күнтуу айылы
Тема боюнча
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Тизме
Жаан-чачындуу күндөр башталабы? Бир жумага карата аба ырайы
Бишкектин айрым райондорунда 11 күн бою газ менен ысык суу болбойт
Жогорку Кеңештин депутаты. Архив

500 миң долларлык мүлк. "Кыргызстандын" дагы бир экс-депутаты кармалды

104
(жаңыланган 15:29 20.09.2021)
Кармалган саясатчынын инициалдары Кубанычбек Нурматов менен дал келүүдө. Ал 2012-2015-жылдары аудитор болуп иштеген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Кыргызстан" саясий партиясынын дагы бир мүчөсү Н.К. алдамчылык беренеси менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, экс-депутат 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеп турган чагында алдамчылык жолу менен 500 миң долларлык кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган.

"Тергөө учурунда экс-депутат бир катар алдамчылык иштерге аралашканы тууралуу далилдер табылды", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Н.К. бүгүн, 20-сентябрда, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурдагы парламентарийдин инициалы Кубанычбек Нурматов менен дал келүүдө. Ал 2012-2015-жылдары Эсеп палатасында аудитор болуп иштеген. Андан соң "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Өткөн жылдын 29-августунда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. 

104
Белгилер:
УКМК, 'Кыргызстан' партиясы, депутат, кармоо, алдамчылык
Тема боюнча
300 миң доллар пара алды делген экс-депутаттын баш коргоо чарасы каралды
Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды