Бишкекте салыкты калкты тейлөө борборлорунан да төгүүгө болот. Дареги

© Sputnik / Табылды КадырбековОплата автомобильного штрафа в КР
Оплата автомобильного штрафа в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Мэрия салык кызматтарынын, банктардын жана почта бөлүмдөрүнүн ишин жеңилдетүүнү чечти. 2-сентябрда турак жай, батир жана жер салыгын төлөө мөөнөтү аяктайт.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкектин тургундары салыкты калкты тейлөө борборлорунан төксө болорун мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бул салык кызматтарынын, банктардын жана почта бөлүмдөрүнүн ишин жеңилдетүү үчүн, ошондой эле шаардыктардын шартына карап жасалган.

Салык төгө турчу калкты тейлөө борборлорунун даректери:

  • №1 КТБ, 12-кичи район, Нуркамал көчөсү, 29;
  • №2 КТБ, Чокон Валиханов көчөсү, 2;
  • №3 КТБ, Жаш гвардия бульвары, 4;
  • №4 КТБ, Жибек жолу проспектиси, 381;
  • №3/2 КТБ (Ленин районундагы филиал), Садырбаев көчөсү, 107.

Унаа салыгынан 1-сентябрга, турак жана жер салыгынан кутулууга 2-сентябрга чейин мөөнөт берилген. Мөөнөтүнөн кечиккен жеке тараптарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0