Жапаров Балыкчы — Барскоон жолу кандай оңдолуп жатканын текшерди. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРеконструкция участка автодороги Балыкчы-Барскоон
Реконструкция участка автодороги Балыкчы-Барскоон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу долбоорго ата мекендик компания подрядчы болууда.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы — Барскоон тилкесиндеги оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Мамлекет башчысына 2021-2025-жылдарда Балыкчы — Бөкөнбаев — Барскоон жол тилкесин реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү нөлдөн 141,7 чакырымга чейин пландалганын маалымдашты. Калк жайгашкан пунктуларда жарыктандыруусу, бир жак бетинде жол бою веложолу менен жана эки тарабында жөө адамдар жүрчү жолу бар, бөлүүчү чийиндери менен төрт тилкелүү жолду куруу пландалууда. Быйыл 25 чакырым жол тилкесинде курулуш иштери жүрөт.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы — Барскоон тилкесиндеги оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы — Барскоон тилкесиндеги оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы — Барскоон тилкесиндеги оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчысына 2021-2025-жылдарда Балыкчы — Бөкөнбаев — Барскоон жол тилкесин реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү нөлдөн 141,7 чакырымга чейин пландалганын маалымдашты.
Мамлекет башчысына 2021-2025-жылдарда Балыкчы — Бөкөнбаев — Барскоон жол тилкесин реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү нөлдөн 141,7 чакырымга чейин пландалганын маалымдашты. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мамлекет башчысына 2021-2025-жылдарда Балыкчы — Бөкөнбаев — Барскоон жол тилкесин реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү нөлдөн 141,7 чакырымга чейин пландалганын маалымдашты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКалк жайгашкан пунктуларда жарыктандыруусу, бир жак бетинде жол бою веложолу менен жана эки тарабында жөө адамдар жүрчү жолу бар, бөлүүчү чийиндери менен төрт тилкелүү жолду куруу пландалууда.
Калк жайгашкан пунктуларда жарыктандыруусу, бир жак бетинде жол бою веложолу менен жана эки тарабында жөө адамдар жүрчү жолу бар, бөлүүчү чийиндери менен төрт тилкелүү жолду куруу пландалууда. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Калк жайгашкан пунктуларда жарыктандыруусу, бир жак бетинде жол бою веложолу менен жана эки тарабында жөө адамдар жүрчү жолу бар, бөлүүчү чийиндери менен төрт тилкелүү жолду куруу пландалууда.
1/3
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы — Барскоон тилкесиндеги оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
2/3
Мамлекет башчысына 2021-2025-жылдарда Балыкчы — Бөкөнбаев — Барскоон жол тилкесин реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү нөлдөн 141,7 чакырымга чейин пландалганын маалымдашты.
3/3
Калк жайгашкан пунктуларда жарыктандыруусу, бир жак бетинде жол бою веложолу менен жана эки тарабында жөө адамдар жүрчү жолу бар, бөлүүчү чийиндери менен төрт тилкелүү жолду куруу пландалууда.

Долбоор "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому тарабынан каржыланат.

Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу долбоорго ата мекендик компания — Кыргыз Республикасынын Жолчулар ассоциациясы подрядчы болууда.

Рабочая поездка президента Садыра Жапарова в Иссык-Кульскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Президент Абдрахманов, Тыныстанов, Карасаевге арналган иш-чарага катышты. Сүрөт
Садыр Жапаров бул долбоор ата мекендик компания үчүн өзүн жакшы көрсөтүп, кийин мындан кем эмес маанилүү тилкелерди алууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Анын айтымында, заманбап автотрасса куруу аймактагы экономиканын жана туристтик тармактын өнүгүүсүнө маанилүү салым кошот.

Мамлекет башчы автоунаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыздоо максатында бардык заманбап стандарттарга ылайык, талаптарга жооп бере турган кең тилкелүү жана сапаттуу жол куруу зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде компаниянын кызматкерлери бул маанилүү долбоорго катышып жатканына кубанычта болуп, сыймыктанаарын билдиришти. Иш башталгандан бери эч кандай көйгөй жаралган эмес. Андыктан бардык курулуш иш-чаралары белгиленген мөөнөттөн кечикпей жүрүүдө.

Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айында "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы алтын кенине барган учурда өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы менен биргеликте Балыкчы — Барскоон автожолун куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0