Ысык-Көл менен Нарынга жаан жаайт. Жайдын акыркы жумасына карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинПогода в городе Нарын
Погода в городе Нарын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Жума ичинде көпчүлүк аймактарда күн ачык болот, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт. Адаттагыдай тоолуу аймактарга жаан-чачын жаайт.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Бишкекте 24-августта күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган убакта күн ачык болору айтылды.

Чүй

Апта ичи күн ачык болот. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Талас

23-24-августта күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт. Ал эми башка күндөрү тоолуу аймактарда өткүн өтөт.

Ош

28-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт. Калган убакта күндүн көзү бузулбайт.

Жалал-Абад

Облуста апта ичи күн ачык, адаттагыдай тоолуу аймактарында жаан жаашы мүмкүн.

Баткен

Аймакта жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл

24-августта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.

Ал эми 25-августта жана 26-27-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Нарын

23-августта күндүз жана 24-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

25-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

27-28-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0