Холестериндин деңгээлин дары-дармеги жок азайтуунун жөнөкөй жолу айтылды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЗайтун майы. Архив
Зайтун майы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Диетолог сууну көп ичип, клетчаткага бай азыктарды жеш керектигин эскерткен. Спорт менен машыгуу да холестериндин деңгээлин азайтууга жардам берет.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Диетолог Дюрдане Кескинер Sözcü гезитине маек куруп жатып организмде холестериндин деңгээлин дары-дармексиз эле кантип азайтса болорун айтып берди. Дарыгердин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.

Маалым болгондой, организмде "жакшы" (ЛПВП) жана "жаман" (ЛПНП) холестерин болот. Ал экөө бир калыпта кармалып турушу керек.

"ЛПВПнын деңгээлин көбөйтүп, ЛПНПны азайтуу үчүн адам спорт менен алектенип, ашыкча салмак менен күрөшүүсү зарыл. Мындан сырткары, тамактанууда дагы бир катар эрежелерди колдоно жүргөнү жакшы", —деди диетолог.

Адис майды азыраак колдонуп, куурулган тамак, тез татым, колбаса сыяктуу тамак-аштан алыс болууга чакырган. Ошондой эле сүт азыктарын колдонууда майлуулугу азын тандоону сунуштаган.

Диетолог сууну көп ичип, клетчаткага бай азыктарды жеш керектигин эскерткен. Анын айтымында, эгер организмде жаман холестерин көбөйүп кетсе, аны дарысы жок эле жашылча-жемиш, дан азыктары менен азайтса болот.

Сунушталган азыктар:

  • сулу акшагы, буурчак (клетчатка);
  • жаңгак, фундук, бадам, балык (омега-3);
  • алма (кварцетин жана пектин);
  • сарымсак (аллицин);
  • пияз (кварцетин);
  • грейпфрут, алма, алмурут (пектин);
  • зайтун майы;
  • көк жана кара чай (катехиндер).
Жаңылыктар түрмөгү
0