COVID-19га каршы вакцинаны күзгө чейин алуу керек. Дарыгер себебин түшүндүрдү

© REUTERS / SIPHIWE SIBEKOШприц. Архив
Шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Адис күн салкындап, оору күчөсө иммунитет алсыз болуп каларын айтып, организмге күч келтирбей ага чейин вакцина сайдырууну эскерткен.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Иммунолог-аллерголог Андрей Продеус күз мезгили башталганга чейин коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде биринчи дозасын алуу керектигин белгилеп, анын себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Дарыгердин айтымында, күзүндө аба ырайы муздап, сасык тумоо сыяктуу сезондук оорулар күч ала баштайт. Ал эми адам ооруп жаткан учурда вакцина алганга болбойт.

"Эгер адамда кайсы бир оорунун белгилери байкалса же ооруп жаткан болсо, эмделбеши керек. Мындай мезгилде вакцина кишинин абалын ого бетер оорлотот. Сасык тумоодон кийин иммунитеттин калыбына келүүсүнө 7-10 күнгө чейин убакыт берип, эмделбей кое туруу зарыл", — деген медик.

Адис суук түшүп, оору күчөсө иммунитет алсыз болуп каларын айтып, организмге күч келтирбей ага чейин вакцина сайдырууну эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0