Катализаторлорду сыртка ташып чыгарууга тыюу салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековКатализаторлор. Архив
Катализаторлор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Бажы жана Чек ара кызматтарына катализаторду мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстанда мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

"Кыргызстандан катализаторлорду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 3815), металлдарды камтыган шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2620), баалуу металлдардын же баалуу металл менен капталгандардын калдыктарын жана сыныктарын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 7112), катализаторлор бар болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү, алардын бөлүктөрүн (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 870892) ташып чыгууга (экспорттого) убактылуу тыюу салынды", — деп айтылат маалыматта.

Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдын абаны булгоосун азайтуу менен адамдардын өмүрүн, ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү коргоого багытталган. Ал эми Бажы жана Чек ара кызматтарына көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0