Пандемияда каза болгон медиктерге арналган эстеликтин орду аныкталды

© REUTERS / Rupak De ChowdhuriМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Бүгүн өкмөттө Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө каза болгон медицина кызматкерлерине арналган эстелик Бишкектин Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн тушуна коюлат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Медициналык кызматкер ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Өткөн суткада 199 кишиден коронавирус табылып, 5 бейтап каза болду
Өкмөт мүчөсү белгилегендей, дарыгерлердин, медайымдардын жана санитарлардын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, кесиптик милдетин аткарууда өмүрүн берген ден соолук сакчыларынын коркунучтуу инфекция менен күрөшүүдө жан аябаган эрдиги түбөлүккө сакталат.

Натыйжада мемориал Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн тушуна, тагыраагы, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын борбордук аллеясындагы музейдин жанына орнотулмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0