Унаасын текшерген айдоочу. Архивдик сүрөт

Автоунааны кыш-күзгө кантип даярдаш керек. Адистен 6 кеңеш

1187
Автоунаа боюнча эксперт темир тулпарды күз жана кыш мезгилине даярдоодо тетиктерди кандай баадагысын тандоо туурасында да айтты.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Күн салкындап келе жатканда алдын ала кам көрүп, автоунаанын эмнесин биринчи даярдаш керектигин "За рулём" журналынын башкы редактору Максим Кадаков Sputnik радиосуна айтып берген.

Ал биринчи суукка чейин али бир топ убакыт бар экендигин белгилеп, бирок темир тулпардын ээси күз-кышка кете турган даярдыктын чыгымын алдын ала эсептесе чөнтөккө күч келбей тургандыгын эскерткен.

"Биринчиден, дөңгөлөккө кам көрүү керек. Эгерде өткөн жылдагыларынын абалы дурус болсо жакшы, эскирип калса жаңысын сатып алуу зарыл. Ал үчүн азыртан акча камдап, эртерээк сатып алып койгон жакшы. Себеби октябрга караганда акчасы алда канча арзан түшөт", — деген эксперт.

Кадаковдун айтымында, дагы бир көңүл бура турган нерсе — аккумулятор.

"Аккумулятор жакшы иштебей, кыймылдаткыч улам оорлоп, жайында же күн салкын болгон түндөрү от алуусу начарласа, күн сууктаганда кыйналарыңыз турган иш. Андыктан качан гана такыр болбой калганда эмес, азыр алмаштырып алыңыз", — деп кеңеш берген Кадаков.

Дагы маанилүү нерсе – маңдайкы айнекти тазалаган щёткалар. Аларды көптөн бери алмаштыра элек болсоңуз, эскиси менен узакка жүрө бериштин кажети жок.

"Жайында анча байкалбайт, ал эми кыш жакындаганда жамгыр, кар жааганда тазалап, щёткалар күн сайын иштейт эмеспи. Эгерде эскирсе айнек сүртүлбөй, алды жагыңызды тунук, даана көрө албай кыйналасыз. Ал эми түнкүсүн жүрүү кошумча түйшүк жаратат. Айнек тазалагычтын өтө арзанына качырбаңыз, анын сапаты начар. Абдан кымбатын да алып кереги жок. Орто эсеп менен 1,5-2 миң рублдин тегерегиндегилерин алсаңыз, жакшы кызмат кылып берет. Кийинки жылы баары бир кайра алмаштырууга туура келет", — деген эксперт.

Кадаков фараларды бир ирет көздөн кечирүү ашыктык кылбасын айтып, автоунаанын жылыткычын бир текшерип коюуну эскерткен. Себеби жайында колдонбогондуктан акыркы мезгилде кандай иштегени адатта автоунаа ээсинин эсинде деле калбайт.

1187
Белгилер:
Россия, автоунаа, кышка даярдык, айнек, дөңгөлөк, эксперт
Тема боюнча
Канткенде автоунаа бензинди аз ичет. Эксперттин үч кеңеши
Ооруканадагы медициналык кызматкер. Архив

COVID: 95 киши ооруп, 96 бейтап айыкты. 23-сентябрдын маалыматы

20
(жаңыланган 09:29 23.09.2021)
Бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок. Анткен менен өткөн күндөргө салыштырмалуу соңку суткада ооругандардын саны 23 бейтапка көп чыкты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 95 кишиден коронавирус аныкталып, 96 киши оорудан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 44;
  • Ош шаары - 2;
  • Чүй облусу – 20;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу - 4;
  • Нарын облусу - 4;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 3.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 178 036га жетип, анын ичинен 172 565 киши дартты жеңген.

Бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок. Стационарда 553 жана амбулатордук шартта 850 адам дарыланып жатканы кабарланды.

Кечээки күндүн статистикасына салыштырганда бүгүнкү маалыматтарда ооругандардын саны көп болду.

Коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 784 948 киши алса, толугу менен (экинчи дозасын) 583 834 жаран сайдырган.

20
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
COVID болгондор жана вакцина алгандар канча убакытта кан тапшыра алары айтылды
Тамак аш. Архив

Жүрөгү ооругандар кандай тамакка басым жасашы керек. Диетологдун кеңеши

23
Адис жүрөк-кан тамыр оорусунан жапа чеккендер биринчи иретте эмне ичип-жеп жаткандыгына көңүл бурушу абдан зарыл экенин эскерткен.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандар ден соолугун аксатып албаш үчүн кандай факторлорго көңүл буруусу зарылдыгын диетолог, медицина илимдеринин доктору Михаил Гинзбург айтып берди. Дарыгердин эмнелерди эскерткендигин "Известия" басылмасы жазган.

Доктор жүрөктүн оорусу менен инсульт туура келбеген тамак-ашты жегендиктен да жараларын төмөнкүчө түшүндүргөн.

"Туура эмес тамактанганда кан тамырлардын ичине май туруп калып, ал кандын мээге жетишин жана жалпы эле организмде айланышын начарлатат. Бул — жүрөктүн оорусу менен инсультка алып келүүчү негизги факторлордун бири. Андыктан жүрөк-кан тамыр оорусу менен жапа чеккендер биринчи иретте эмне ичип-жеп жаткандыгына көңүл бурушу абдан зарыл", — деген ал.

Туура келбеген азыктар организмге түшкөндө жогорудагыдай илдети барлардын каны коюуланап кетерин кошумчалаган.

"Булар өтө эле туздуу жана өтө эле таттуу, андан сырткары, куурулган жана майлуу тамак-аштар", — деп санап берген Гинзбург.

Ал эми пайдалуу азыктардын катарына ар кыл мөмөлөрдү, деңиз балыгын, уютулуп жасалган сүт азыктарын, кесек тартылган ундун нанын, гречканы жана сулуну кошкон.

23
Белгилер:
жүрөк, кан тамыр, оору, инсульт, диетолог, кеңеш
Тема боюнча
Дарыгер ичеги рагына себепкер боло турган азыкты атады
Коронавирустан кийин чачты кантип калыбына келтирсе болот? Медиктин кеңеши
Диетолог ачкарын эмнелерди жеп-ичкенге болбой турганын айтты
АКШ доллары жана бет кап. Архив

Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме

16
Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанга кайсы өлкөдөн канча инвестиция келгенин жана алар кайсы тармактарга жумшалганын Улуттук статистика комитети маалымдады.

КМШга кирбеген өлкөлөрдүн арасынан негизги инвесторлор Канада (жалпы инвестициянын 28,8 пайызы) Кытай (25,3 пайыз), Нидерланд (10,5 пайыз), Швейцария (7,4 пайыз), Улуу Британия (4,9 пайыз) жана Түркия (4,5 пайыз) болду.

Акча салынган тармактар:

  • Канада — өндүрүш;
  • Кытай — өндүрүш, геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу;
  • Нидерланд — маалымат, байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Швейцария — пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Улуу Британия — геологиялык чалгындоо;
  • Түркия — курулуш, дүң жана чекене соода, өндүрүш.
  • КМШдагы өлкөлөр:
  • Россия — өндүрүш, дүң жана чекене соода;
  • Казакстан — пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, геологиялык чалгындоого;
  • Өзбекстан — дүң жана чекене соода, өндүрүш;
  • Азербайжан — дүң жана чекене соода.

Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

Баса, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция 1,6 эсеге, башка мамлекеттерден 2 эсеге азайган.

16
Белгилер:
Кыргызстан, инвестициялар, экономика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы