Сот Темир Сариевдин абактагы мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырды

© Sputnik / Табылды КадырбековРезультаты семисуточного айтыша эпоса "Манас" в этнокомплексе "Манас айылы"
Результаты семисуточного айтыша эпоса Манас в этнокомплексе Манас айылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Саясатчынын жактоочулары Сариевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылышкан.

БИШКЕК, 25-Авг. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Тергөө абагындагы Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыкты
Маалыматка ылайык, Сариевдин жактоочулары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылышкан. Бүгүнкү өткөн отурумда сот райсоттун чечимин күчүндө калтырган.

Эске салсак, Темир Сариев Биринчи май райондук сотунун 4-августтагы чечими менен 30-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген

Экс-премьер 3-август күнү Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камалган. Ал экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин ишинен экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон деп шектелип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0