Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова. Архивдик сүрөт

ПЦР-тестти жасалмалоо фактысы. Өкмөт министрликтерге тапшырма берди

153
(жаңыланган 13:01 25.08.2021)
Көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган жасалма тастыктамаларды берүү фактысы териштирилмей болду.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ПЦР-тесттин жыйынтыгын бурмалаган фактыларды териштирүү ишин өз көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Маалыматка караганда, Бакашова көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган жасалма тастыктамаларды берүү фактысы боюнча ыкчам кеңешме өткөргөн. Ал Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырган.

"Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуу фактыларын изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы боюнча менчик лабораториялардын ишин Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кароо тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү милдеттендирилди.

153
Белгилер:
Кыргызстан, ПЦР-тест, жасалма, факты, териштирүү
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2907)
Тема боюнча
УКМК COVID илдетинен таза деп жасалма маалымкат саткан өзбекстандыкты кармады
Электр кубаты счётчиги. Архив

Эртең Бишкектин кайсы жеринде электр кубаты өчүрүлөт. Тизме

7
(жаңыланган 16:12 20.09.2021)
Шейшемби күнү "Түндүк электр" ишканасынын бригадасы Бишкектин чекесинде жайгашкан айылдагы подстанциянын жана калаадагы үйлөрдүн ичиндеги электр тармактардын абалын текшерип чыгат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Электр кубаты 21-сентябрь күнү Бишкектин 13 көчөсүнүн тилкелеринде болбой тургандыгы "Түндүк электр" ишканасынын сайтында жазылган.

Бул күнү адистерден турган бригадалар үйлөрдүн ичиндеги электр тармактардын абалын көздөн кечирип, оңдой турчуларын кайрадан карап, түздөп чыгат. Андан сырткары, Күнтуу айылындагы подстанцияны текшерет.

Электр кубаты өчүрүлө турган аймактар:

  • 09:00-18:00 — Манас проспектисинин тилкеси (№61 үй), Тынчтык, Касым, Ынтымак, Арча-Бешик (Безымянная, Кара-Кужур, Абдрахманов, Бердибаев, Алтын-Тутун, Эртайлак, Шербет, Садыбакасов, Он-Арча көчөлөрү), Ак-Босого конуштары, Жал-29 кичи району.
  • 09:30-18:30 — Ахунбаев ( №106 А үй) көчөсүнүн тилкеси, Кара-Жыгач (Субан-Ата көчөсү) конушу.
7
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, электр кубаты, Күнтуу айылы
Тема боюнча
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Тизме
Жаан-чачындуу күндөр башталабы? Бир жумага карата аба ырайы
Бишкектин айрым райондорунда 11 күн бою газ менен ысык суу болбойт
Жогорку Кеңештин депутаты. Архив

500 миң долларлык мүлк. "Кыргызстандын" дагы бир экс-депутаты кармалды

114
(жаңыланган 15:29 20.09.2021)
Кармалган саясатчынын инициалдары Кубанычбек Нурматов менен дал келүүдө. Ал 2012-2015-жылдары аудитор болуп иштеген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Кыргызстан" саясий партиясынын дагы бир мүчөсү Н.К. алдамчылык беренеси менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, экс-депутат 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеп турган чагында алдамчылык жолу менен 500 миң долларлык кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган.

"Тергөө учурунда экс-депутат бир катар алдамчылык иштерге аралашканы тууралуу далилдер табылды", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Н.К. бүгүн, 20-сентябрда, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурдагы парламентарийдин инициалы Кубанычбек Нурматов менен дал келүүдө. Ал 2012-2015-жылдары Эсеп палатасында аудитор болуп иштеген. Андан соң "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Өткөн жылдын 29-августунда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. 

114
Белгилер:
УКМК, 'Кыргызстан' партиясы, депутат, кармоо, алдамчылык
Тема боюнча
300 миң доллар пара алды делген экс-депутаттын баш коргоо чарасы каралды
Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды